КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

  • 21.12.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору менен биргеликте кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткүлүүчү «Көркөм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн усулдук кейстеринин» программалык-усулдук иштелмелеринин республикалык сынагынын жыйынтыктоочу туру болуп өттү.

КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Сынак үч этаптан турду, биринчи, экинчи этап онлайн форматта өткөрүлүп,    республикасынын бардык аймактарынан мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын 1214 мугалими катышты.  Алардын ичинен облустук турга 560 мугалим өтүп, республикалык тандоо туруна 19 кейс иштери жөнөтүлгөн. Анын арасынан бардык аймактардан тогуз педагогко усулдук иштерин ачык коргоого уруксат берилген.

Үчүнчү этап офлайн форматта өткөрүлүп, катышуучулардын элдин алдында кейстерин жактоосу: материалды баяндоонун логикасы (кейстин бөлүмдөрүн баяндоонун ырааттуулугу, талкуулоо деңгээли, кейсти коргоонун кыскалыгы жана ынанымдуулугу), презентация учурунда сүйлөө речинин сабаттуулугу, адабий тилдин деңгээли жана иштиктүү речтин функционалдык, өздүк жана кесиптик маданиятын, педагогикалык ынандыруучулугун көрсөтө билүү жөндөмү, усулдук кейсти көрсөтүүнүн каражаты катары даярдалган презентациянын сапаты критерийлери боюнча бааланды.

КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

ФиналгаТалас облусунун Айтматов райондук билим берүү борборунун “Периште” бий ийриминин жетекчиси Салтанат Кыдырбакова, Ош облустук балдар чыгармачылык борборунун “Жаратылыш жана фантазия” ийриминин жетекчиси Орозбү Сулайманова, Ноокат райондук балдар чыгармачылык борборунун “Мехатроника” ийриминин жетекчиси Өмүрбек Маматов, Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун Кыргызстандагы ЮНЕСКО клубунун “Финансы сабаттуулугу” ийримиинн мугалими Айманат Ысманалиева, Сүлүктү шаардык балдар чыгармачылык борборунун “Кыргыз оймолору” ийриминин жетекчиси Шааркан Абдуназарова, Балыкчы шаардык балдарга билим берүү борборунун “Тапкычтар” шахмат ийриминин мугалими Дамира Тиленбаева, Нарын облсутук балдар билим берүү борборунун “Инфознайка” ийриминин мугалими Айчүрөк Исраилова, Кара-Көл шаарынын Ч. Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүнүн “Менталдык арифметика” ийриминин жетекчиси Дамира Чеченбаева, Лейлек районунун “Баластан” балдар билим берүү, чыгармачылык борборунун “Компьютердик сабаттуулук” ийриминин жетекчиси Чинара Маановалар катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Ар бир катышуучуга кейсти жактоо үчүн он мүнөттөн жана калыстар тобунун суроолоруна жооп берүү үчүн беш мүнөттөн убакыт берилди. Соңунда Лейлек райондук “Баластан” балдар билим берүү, чыгармачылык борборунун “Компьютердик сабаттуулук” ийриминин жетекчиси Чинара Маанова биринчи орунду эээлесе, Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун Кыргызстандагы ЮНЕСКО клубунун “Финансы сабаттуулугу” ийримиинн мугалими Айманат Ысманалиева экинчи, Кара-Көл шаарынын “Ч. Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүнүн “Менталдык арифметика” ийриминин жетекчиси Дамира Чеченбаева үчүнчү орунду ээлеп, биринчи, экинчи жана үчүнчү даражадагы диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Ноокат райондук балдар чыгармачылык борборунун “Мехатроника” ийриминин жетекчиси Өмүрбек Маматовго Билим берүү жана илим министринин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөө адиси Салтанат Өмүрканова акчалай сыйлык тапшырды.

Калыстар тобунун мүчөлөрү катышуучулардын усулдук кейстеринде бүгүнкү күндөгу актуалдуу темалардын бири  STEM технологиясы камтылгандыгын баса белгилешти.

КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

13жылдан бери информатика мугалими болуп балдарга кошумча билим-тарбия берип келе жаткан Чинара Маанова И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин жаңы маалыматтык технологиялар институтун артыкчылык диплому менен аяктаган. Чынара Маанова өзгөчө адам болгонуна карабай, кесипкөйлүгү, кейсинин таасирдүүлүгү менен алдыга озуп чыкты. Сынакта 1-орунду ээлегендиги чоң кубаныч тартуулап, толкундангандыгын айтат. Анын жактаган усулдук темасы – “Чыгармачылыктын санариптик трансформациясы.

  • Баткен облусунун мектептен тышкаркы кошумча билим берүү борборлорунун арасында жеңүүчү аталганымда толкунданып да, коркуп да өзүмө бирде ишенип, бирде аткара албай калсамчы деген ойлор тынч койгон жок. Мен Баткен областын, анын ичинде Лейлек районунун атынан бара жатамын деп өзүмө чоң жоопкерчиликти алып республикалык турга аттандым эле. Кудай буйруп, биринчиликти багындырдым. Бул сынак мага жумушума болгон өтө чоң  жоопкерчиликке үйрөттү. Сынакты педагогдордун арасында тажрыйба алмашуу катары көрдүм. Информатика предметинин мектептен тышкаркы кошумча билим берүүдөгү ордун, окутуу методикаларын, педагогикалык технологияларын ошондой эле информатиканы окутуу программасын ачып бере алдым деп ойлоймун. Кейсим сынактын Жобосунун негизинде мыкты жазылгандыгы жана жасалгандыгы менен өзгөчөлөнүп турду. Калыстар тобуна программаны окутуудагы колдонулган методдор, формалар, технологиялар, сабактарга колдонулган дидактикалык материалдар, балдардын ишмердүүлүгүн уюштуруудагы оюн технологиялары, программадагы темаларды окутуу үчүн түзүлгөн билим берүү маршруту, билим берүү программамды ишке ашыруунун санариптик издери, программанын жыйынтыгында баланын билимин баалоонун мониторинги, окуучулардын жетишкендиктери ошондой эле программанын кесипке багыт берүүсү менен эсте калды деп ойлойм. Учурдан пайдаланып, ушул сынакты уюштурган “Балажан” балдардын эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун жана өзүмдүн жалпы жамаатыма терең ыраазычылык билдирем, — деди жеңүүчү.

КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Сынактын жаш катышуучуларынын бири Айманат Ысманалиева “Ишкердик жана финансылык сабаттуулук” усулдук кейси менен экинчи орундун ээледи.

Анын усулдук кейси ыраатуулугун сактаганы менен айырмаланды,  сабак өтүү практикасын толук ачып берди. Усулдук кейстин балдардын кээ бир жөндөмдөрүн ачууга канчалык жардам берери так, даана көрсөттү.

КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

“Лидерлик бийиктикке” усулдук кейсин жактап, үчүнчү орунду багындырган Дамира Чеченбаева алты жылдык тажрыйбасы бар педагог. Мектепти, экономикалык техникумду Орусиядан аяктаган. Кийин Кыргыз улуттук университетинде билимин уланткан. Буга чейин Жалал-Абаддагы ушундай эле сынакка катышып, гран-при алган. Андан сырктары, менталдык арифметика боюнча көп семинарларга катышып, педагогдорго сабак өтөт. Педагогдун окуучуларды сабакка кызыктыруу  өзгөчөлүгү – дайыма жогорку баа койгондугунда.

  • Мага көбүнчө окуудан артты калган окуучулар келет. Балдарга “2” деген баа койбойм, баары “5” алып кетет. Жогорку бааны балага стимул берүүү максатында коңм. Бүгүн болбосо, эртең сөзсүз окуйт. Сабагымда калбай келип, ошол бааны алуусун күтөт. Үйүнө жайдары маанай менен кетет. Көп ата-энелер “балам окуй баштады” деп ыраазы болот. Кайсыл окуучумдун кандай кемчилиги бар экендигин өзүм үчүн анализдеп алып, ошого жараша жеке ыкманы колдоном. Балага эч убакта башка балдардан артта экендигин айтып, салыштырбайм. Сабакта оюн түрүндө өтөм. Эмоцияларын “Манас” айтып, скакалка секирип чыгарышат, — дейт Дамира Чеченбаева.

 

КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын  22-сентябрындагы № 5106/1 буйругунуннегизинде өткөрүлдү.

Сынак Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамына; Кыргыз Республикасынын «Мугалимдердин статусу жөнүндөгү» Мыйзамына; Крнын 2026-2040 жылдарга билим берүүнүн өнүгүү стратегиясына; Крнын 2021-30 жылдарда окуучуларды жана окуган жаштарды тарбиялоо Концепциясына;“Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Концепциясына; Кыргыз   Республикасынын мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемесинин Типтүү жобосуна таянат.

Сынактын максаты — мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогдору иштеп чыккан көркөм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы билим берүү программаларынын мыкты усулдук кейстерин аныктоо. Билим берүүнүн аймактык системаларын өнүктүрүү милдеттеринин алкагында мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мазмунун жана технологияларын жаңылантууга багытталган усулдук иштелмелерди аныктоо. Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү педагогдорунун усулдук компетенциясын жакшыртуу, кесиптик умтулуусунун, өсүүсүн жогорулатуу.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

                                                                                                           

 

Бөлүшүү

Комментарийлер