КООМДУК ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР ЖЫПАР ЖЕКШЕЕВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

  • 21.07.2020
  • 0

2020-жылдын 21-июлунда 73 жаш курагында коомдук жана мамлекеттик ишмер Жыпар Жекшеев оорудан дүйнөдөн кайтты.

Жыпар Жекшеевич Жекшеев 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн.

1971-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп, 1988-жылы Мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Жыпар Жекшеев башка активисттер менен бирге Кыргызстандагы кайра куруу жылдары пайда болгон демократиялык уюмдардын түзүлүшүнүн башатында турган. 1989-жылы Кыргызстандагы туңгуч демократиялык уюмдардын бири болгон «Ашар» козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылынын теңтөрагалыгына шайланган. 1991-жылы Кыргызстандагы ГКЧПга каршы коомдук чукул штабдын жетекчиси болгон.

1993-жылы Жыпар Жекшеев «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясын негиздеп, анын Саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Жыпар Жекшеев 1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2005-жылдын 24-мартындагы саясий окуялардан кийин Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.

2007-2009-жылдары Жыпар Жекшеев Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы болуп иштеген. 2017-2019-жылдары ал КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеген.

Жыпар Жекшеев  Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна, демократиялык процесстердин тереңдешине чоң салым кошуп, «Ашар» менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде 3 китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицистикалык макалаларды жарыялаган.

Мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Жыпар Жекшеев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи чакырылышынын депутаты катары да демократиялык институттардын калыптанышына жана өнүгүшүнө мыйзамдык негиздерди  түзүүгө активдүү катышкан. Сүрөтчү катары, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы катары да маданияттын өнүгүүсүнө салымын кошкон.

Жыпар Жекшеев кайра куруу доорунда пайда болгон формалдуу эмес уюмдарды жаңы шартта, ачык иштеген уюмдарга айланышына жана мыйзам алкагында алардын аракеттенүүсүнө багыттаган.

Демократиялык көз караштагы жаштарды туура жолго багыттап, радикалдуу кадамдардан аларды сактап, КДКнын демилгеси менен Кыргызстанда тарыхый бурулушка багытталган демократиялык өзгөрүүлөрдүн тынчтык жолу менен өтүшүнө, жыйынтыгында көз карандысыз мамлекеттин кайра жаралуусуна өзгөчө салымын кошкон.

Жыпар Жекшеев өткөөл мезгилдеги демократиялык институттардын түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн башатында турган демократ саясий жана коомдук ишмерлердин бири катары замандаштарынын эсинде калды. Анын басып өткөн өмүр жолу эркиндикке умтулган жарандын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына, аны тааныган, сыйлаган замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, К. А. Боронов, А. Ж. Исмаилова, Б. Ж. Жакиев, Ж. С. Сааданбеков, А. Э. Эркебаев, Т.Тургуналиев, Д. А. Эсеналиев, А. М. Кененбаев, К. С. Дыйканбаев, Т. Т. Стамалиева, А.Жамангулов, Н.Ишекеев, Э. С. Каптагаев, С. Солтонгельдиева, Жайнак Үсөн уулу, А.Болгонбаев, С. Муканбетов, Р.Жусупова, Тынчтыкбек Чоротегин, П. Казыбаев, Ч.Базарбаев, Д. Нусупов, Садыр уулу Жумагазы, С. Мурзакулов, Турсунбек Акун, А. Ш. Мансуров, Канимет Жакыпбек тегин, С. Дыйканов, Д. Нусупов, М.Чекиров, Н.Жоошбаев, А. Ш. Осмоналиев, Э.Жантаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер