КОНСУЛЬТАНТТАР ТАНДАЛУУДА

  • 30.08.2024
  • 0

Мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу үчүн консультанттарды жана иштеп чыгуучуларды тандоо жүрүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тандоо «Билим берүү жөнүндө» мыйзамды жана 2024-2028-жылдарга мектептик билим берүүнүн 12 жылдык системасын этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Тандоого катышуу үчүн каалоочулар резюмесин [email protected], [email protected] электрондук почталары аркылуу 1-сентябрга чейин жөнөтүшү зарыл.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер