КОНФЛИКТТЕН  ДИАЛОГГО ӨТҮҮ ЖОГОРКУ АКЫЛ-ЭС МАДАНИЯТЫН КӨРСӨТӨТ

  • 03.12.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “Кагылышуудан – маданияттар жана цивилизациялар диалогуна: коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери” аттуу өзгөчө форматта өткөн илимий-практикалык конференция БУУнун 80 жылдыгына, ошондой эле саясий илимдеринин доктору, философия илимдеринин кандидаты, белгилүү коомдук ишмер Адаш Токтосунованын 75 жылдыгына арналды.

КОНФЛИКТТЕН  ДИАЛОГГО ӨТҮҮ ЖОГОРКУ АКЫЛ-ЭС МАДАНИЯТЫН КӨРСӨТӨТ

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматовдун айтуусунда, биз азыр маалыматтык жана социалдык конфликттердин курчуп турган учурундабыз.

— Андыктан коом жаңы интеллектуалдык инструментке муктаж болуп турат. Бүгүнкү форум өзгөчө керек, биринчиден, ал кагылышуу, маданият, коопсуздук, саясат, социология багыттарын камтыйт. Экинчиден, ал тез өзгөрүлмө дүйнөдө эксперттик диалогго мейкиндик ачат. Конфликттен диалогго өтүү жогорку акыл-эс маданиятын көрсөтөт. Бүгүнкү иш-чара дүйнөнүн негизи болгон биримдикти бекемдөөгө жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошот деп терең ишенем, — деди ал.

Бул боюнча УИАнын А.Алтымышбаев атындагы философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору Нур Саралаевдин айтканына караганда, акыркы он жылдын ичинде өтө актуалдуу болуп кеткен проблемалардын бири – конфликт маселеси.

— Негизги тема — коопсуздук маселеси, баалуулуктар, каада-салттар жана биздин басып өткөн тарыхыбыз. Мына ушулардын баары келип, тынчтыктын жигерчи фундаментин, негизги факторлорун жана элементтерин түзөт. Ушул маселелер илимий, эксперттик коомчулукта талкууланып жатат. Мен ойлойм, бул өтө актуалдуу. Өзгөчө бир нерсеге көңүл буруш керек: тынчтык дегенде кайсы бир күчтөн же багыттан — илимден болобу, саясаттан болобу, экономикадан болобу — «ошол эле тынчтыкка алып келет» деген көз караш толук туура эмес. Тынчтык көп кырдуу, көп максаттуу болгондуктан жана өзүнө ар кандай багыттарды камтыгандыктан, ал саясаттан баштап экологияга, адамдын тарыхына, баалуулуктарына чейин кеңири түшүнүктү камтыйт. Ушулардын баары биргелешип туруп тынчтыкка алып келет. Анын ичинде баалуулуктар, экономика, саясат — баары келип эле диалогго таянат, сүйлөшүүгө муктаж. Сүйлөшүү аркылуу тынчтык орнотулат. Эгер сүйлөшүү, диалог болбосо, ар кандай көз караштарды — илимий же идеологиялык багыттарды — адамзатка зыян келтирбеген деңгээлде колдоо мүмкүн эмес. Бирок, эгер ал тынчтыкка багытталса, диалогду орнотууга шарт түзсө, анда диалог аркылуу кандай гана болбосун тынчтык орнотулат, — дейт жетекчи.

Ал эми коомдук ишмер Нарынбек Токтосуновдун айтымында,  нечен жылдан бери ушул багытта иштеп, доктордук диссертациясын жактаган Токтосунова Адаш Искендеровна бул  конференциянын демилгечиси жана уюштуруучусу.

— Адаштын бир топ монографиялары бар. Үч жыл мурун «Табият сырлары жана таалими» деген жакшы китеп чыгарганбыз, аны орус тилинде да басып чыгардык. Кыргыздардын үрп-адаты, каада-салты, тарыхы, экологиясы, көчмөн элдердин маданияты жөнүндө да жакшы китептери жарык көргөн. Конференцияда окулган бардык докладдар жана пикирлер жыйналып, өзүнчө эмгек катары чыгарылат. Мамлекетибиздин жетекчилерине бир топ сунуштар берилет. Жаңжалдан диалогго өтүү, экономикалык, саясий, маданий жана билим берүү тармактарында диалогду кантип туура уюштуруш керек, бул багыттар бири-бири менен кантип айкалышып, мамлекетибизди алдыга жылдырууга шарт түзөт — ушунун баары сунуштарда өзгөчө көрсөтүлөт, — деди юбилярдын иниси Нарынбек Токтосунов.

Философия илимдеринин доктору, профессор, философия институтунун бөлүм башчысы Өскөн Козубаевдин пикиринде,  иш-чарада өзгөчө  коопсуздук маселеси көтөрүлдү.

—  Мамлекеттин коопсуздугу жөнүндө маселе бул бир эле аскердик, стратегиялык, экономикалык, саясий же социалдык коопсуздук эмес, бул анын ичиндеги  маданий-цивилизациялык, адеп-ахлактык коопсуздук. Биздин Президенттин биринчи Жарлыгы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө»  болчу. Бул жөн жеринен чыккан маселе эмес. Анткени  ааламдаштыруу процесси сөзсүз түрдө биздин улуттук нарк-насилибизге,  баалуулуктарыбызга дайым эле оң таасирин тийгизип турган жок, анын терс таасири дагы көп болду. Ошондон улам мамлекеттин дагы, жалпы коомдун коопсуздугу жөнүндө сөз болгондо бир эле биздин Кыргызстанда эмес, дегеле дүйнөдөгү адептүүлүк, нарк-насилдик, аны жөндөп турган нормалар, аны тескөө деген сыяктуу маселелер адам баласы жаралгандан тарта ушул күнгө чейин келетат. Ошол үчүн бул тема философия илиминин эң бир орчундуу темаларынын бири. Мисалы, Сократ: “Мен бир гана нерсе билем, эч нерсе билбегенимди гана билем” десе, Сенека айтып жатат:  “Баарын билүү такыр мүмкүн эмес” деп. Ушунун баарынын этикалык өңүтү бар. Кыргыз эли көчмөн цивилизациясынын эң бир башкы өкүлдөрүнүн бири болсок,   ошол замандын географиялык, экономикалык жагынан тартып, нарк-насилдик, адамдар аралык мамилелерге тийгизген өзүнүн нормалары болгон. Жөнөкөй эле алдаба, улууну урматта, кичүүгө ызат, меймандостук деген сыяктуу маселелер биздин тарыхыбызды,  адамгерчилүктүүлүгүбүздү көрсөтөт. Адеп-ахлактык, нарк-насилдик нормалардын зарылдыгы эмнеде? Биз адамды адам катары аны жоготсок, унутсак адам болбой калыптыр деген сөз ошондон чыгат. Адам бол деген сөздүн өзү — бул кыргыздын төл философиясынын эң негизги принциптеринин бири. Алсак, бала төрөлгөндөн тартып айтат “жакшы адам болсун, элдин бир керегине жараган адам болсун” деп.  Ошол философиялык принцип ушул күндө дагы өзүнүн актуалдуулугун  жоготкон жок.

Дүйнөдө  аморалдык көрүнүштөр өтө көп. Ошол көрүнүштөрдү шарттап турган үч термин бар.  Мораль — жалпы биздин жашообузду тескеп турган коомдук аң-сезимдин бир формасы, экинчиси — аморализм. Бул  моралдык көрүнүштөргө каршы келип жаткан нормалар, ал эми имморализм — бул улуттук нарк-насилдин өзөгүн, учугун жоготуу. Бүгүнкү жашоонун күнүмдүк, утурумдук гана учурларына көңүл буруп, ошону менен биздин жашоо өтүп жатат деген түшүнүккө келгенде — бул өтө бир коркунучтуу. Демек, коопсуздук жөнүндө кеп болгондо, мамлекеттин коопсуздугу түздөн-түз коомдун, анын ар бир мүчөсүнүн адеп-ахлактык, жүрүм-турумуна, көз карашына, түшүнүктөрүнө, мамилесине байланыштуу экенин эстен чыгарбашыбыз керек, — дейт бөлүм башчы.

Ошентип, заманбап дүйнөдө глобалдык чыңалуу, күн тартибинин татаалдашы жана мамлекеттердин ички туруктуулугуна болгон коркунучтар, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелерин улуттук жана эл аралык деңгээлде өзгөчө маанилүү кылып жатканы тууралуу кызыктуу талкуулар болду. Улуттар аралык, социалдык-саясий, экологиялык жана маалыматтык чөйрөлөрдөгү ар кандай жаңжалдар жана келишпестиктер комплекстүү, аналитикалык жана көп тармактуу илимий ыкмаларды талап кылган олуттуу чакырыктарга айланып жатканы баса белгиленди.

Наргиза ДААНАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер