КОЛЛЕГИЯДА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЕМЧИЛИКТЕР АЙТЫЛДЫ

  • 06.02.2019
  • 0

Нарын облусунда 2018-жыл аралыгында аткарылган иштер боюнча коллегия болуп өттү. Маалым болгондой, 4-февралда жыл жыйынтыктоочу коллегияга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, өкмөттүн аппаратынын жооптуу кызматкери Памир Керимов, дубан башчысы Аманбай Кайыпов, анын орун басарлары, акимдер жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

КОЛЛЕГИЯДА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЕМЧИЛИКТЕР АЙТЫЛДЫ

КОЛЛЕГИЯДА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЕМЧИЛИКТЕР АЙТЫЛДЫ

Маалыматка таянсак, коллегиялык жыйын алгач 2018-жыл аралыгында аткарылган иштер боюнча чакан тасманы көрсөтүү менен башталды. Андан кийин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары социалдык-экономикалык тармактар боюнча жалпы аткарылган иштер тууралуу маалымат берип өтүштү. Андан соң суроо-жооптор башталып, облустагы билим берүүнүн деңгээлинин төмөндөшү, дотациянын көлөмүн азайтуу, социалдык объектилердин абалы, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, ички жана тышкы мигранттардын абалы ж.б.у.с. маселелер көтөрүлдү.

Биринчи вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова билим берүүдө кемчиликтер болуп жатканын, облустагы бүтүрүүчүлөрдүн 50 пайызы гана жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 упайдан жогору алгандыгын баса белгиледи.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер