ОКУУ МАТЕРИАЛДАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА СЕМИНАР-ТРЕНИНГ

  • 18.02.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Иклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында окуу материалдарын иштеп чыгуу боюнча семинар-тренингдердин сериясын өткөрдү.

Окутуу пилоттук окуу жайлардын окутуучуларынын потенциалын жогорулатуу максатында уюштурулган. Иш-чарага пилоттук окуу жайлардын 100дөн ашуун өкүлү катышты.

Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар окуу модулдары үчүн окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу, алардын сыйымдуулугун баалоо, ошондой эле билим алуучулардын өз алдынча ишин уюштуруу көндүмдөрүнө ээ болушту.

Угуучулар теория жана конкреттүү куралдар менен гана таанышпастан, дискуссияларда, топтук, жуптук жана индивидуалдык иште жана презентацияларда активдүү катыша алышты.

Андан тышкары, катышуучулар компетенттүүлүктүн негизинде кесиптик стандарттарды, билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана окуу-методикалык документтерди иштеп чыгууда Квалификациялардын улуттук алкагын колдонуу процесси жөнүндө маалымат алышты.

Аталган иш-чара билим алуучуларда керектүү компетенцияларды калыптандырууга багытталган окуу материалдарын түзүү боюнча мамилелерди кайра карап чыгуу зарылчылыгынан улам өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер