КОЛЛЕДЖДЕРДЕ АРАЛАШ ОКУТУУ КАНДАЙ УЮШТУРУЛГАН?

  • 10.02.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги колледждерде 2020-2021-окуу жылдын жазгы  семестринде окуу процессин гибриддик (аралаш) форматта уюштуруу жөнүндө маалымдайт.

Аталган алгоритм өзү менен аралыктан окутуу (онлайн) форматынан реалдуу убакытта (офлайн) салттуу окутуу форматына өтүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча сунуштарды билдирет.

Окутууну толугу менен салттуу форматта (офлайн) уюштурууга төмөнкүлөр үчүн уруксат берилет:

— даярдоонун бардык багыттары жана адистиктер боюнча колледждердин бүтүрүүчү курстарынын билим алуучулары үчүн;

— колледждерде медициналык адистиктер боюнча билим алгандар үчүн.

Кенже курстардын студенттери (медициналык адистиктерден тышкары) аралаш режимде төмөнкү алгоритмди сактоо менен окушат:

— окуу планынын бардык циклдеринин дисциплиналары боюнча лекциялык сабактар алыстан окутуу режиминде аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен өткөрүлөт;

— “Гуманитардык жана социалдык-экономикалык циклдин”, “Жалпы илимий циклдин” дисциплиналары боюнча практикалык сабактар алыстан окутуу режиминде аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен өткөрүлөт;

— атайын окутуу-методикалык материалдарды, жабдууларды жана шаймандарды колдонуу менен контакттуу окутуу талап кылынбаган “Математика жана табигый илимдер циклинин” дисциплиналары боюнча практикалык жана лабораториялык сабактар алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт, ал эми талап болгон учурда салттуу форматта өткөрүлөт;

— “Кесиптик циклдин” дисциплиналары боюнча практикалык жана лабораториялык сабактар жана окутуу планында каралган практиканын бардык түрлөрү колледждин тандоосу боюнча алыстан же салттуу форматта уюштурулат.

 

Реалдуу режимде окутууда колледждер кандай коопсуздук чараларын көрүүсү зарыл ?

КР Билим берүү жана министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык салттуу форматта окутууну уюштуруу учурунда колледждер окуу жайда бир учурда минималдуу сандагы студенттердин болуусу үчүн окуу сабактарынын ийкемдүү ырааттамасын түзүүгө милдеттүү.

Окождун тандоосу боюнча студенттик контингентти сабакка келүүнүн аныкталган күндөрүн белгилөө менен 2-3 нөөмөткө бөлүүгө жол берилет.

Окуу жайларга чоң группаларды бир аудиторияда социалдык аралыкты сактоо шартында 15-20 студенттен ашпагандай кылып бөлүштүрүүнү алдын ала караштыруу сунушталат.

Колледждер танапис учурунда студенттердин баарлашуусун минималдаштыруу боюнча чараларды көрүүсү, коридорлордо, имаратка кире бериш жерде жана аудиторияларда студенттердин топтолуусуна жол бербеши керек, студенттердин арасында массалык иш-чараларды өткөрбөөсү зарыл.

Окуу жайлар авиа каттамдар калыбына келбеген же “чек аралар ачылбаган” чет өлкөлөрдүн жарандары — студенттер үчүн окутууну барып келүүдөгү чектөөлөр алынганга чейин аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан режиминде уюштурушу зарыл.

Чет өлкөлөрдүн жарандары — студенттерге  окуу процессине  катышууга “COVID-19га” текшерүүнүн натыйжасы болгон учурда гана уруксат берилет.

 

Колледждерде сессия жана мамлекеттик аттестация кандай өткөрүлөт?

КР Билим берүү жана министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык колледждердин бүтүрүүчүлөрүнүн экзамендик сессиялары жана мамлекеттик аттестациясы төмөнкүдөй өткөрүлөт.

2-курстун студенттери үчүн “Кыргызстан тарыхы”, “Кыргыз тили жана адабияты” жана “Кыргызстандын географиясы” боюнча комплекстүү мамлекеттик экзамен 2021-жылда онлайн режимде жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү боюнча сунуштарды эске алып, аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт.

Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясы салттуу форматта өткөрүлөт.

Жыйынтыктоочу лекциялар жана консультациялар колледждин тандоосу боюнча алыстан же салттуу форматта өткөрүлөт.

Студенттер үчүн экзамендик сессиялар төмөнкү алгоритм боюнча уюштурулат:

— “Гуманитардык жана социалдык-экономикалык циклдин” жана “Математика жана табигый илимдер циклинин” дисциплиналары боюнча аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт;

— “Кесиптик циклдин” дисциплиналары боюнча салттуу форматта өткөрүлөт.

 

Колледждерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук кантип камсыздалышы керек?

КР Билим берүү жана министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык орто кесиптик билим берүү окуу жайларында жана жатаканаларда төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталышы зарыл.

Окуу корпусуна/жатаканага кире бериш жерде “кирүү фильтри” уюштурулушу зарыл, ал колду дезинфекциялоо үчүн антисептиги бар санитайзер жана электрондук термометр менен (контактсыз) жабдылышы керек:

  1. Кире бериш жердеги “кирүү фильтрине” жооптуу адам имаратка кирген бардык адамдардын дене табын контактсыз өлчөйт, алардан жөтөлдүн, энтигип дем алуунун, сасык тумоонун болуусу жөнүндө кыскача сураштырат, ошондой эле имаратка кирүү учурунда алардын ортосундагы 1-1,5 метр физикалык аралыктын сакталышын камсыздайт. Дене табы жогору болгон жана/же инфекциянын белгилери бар адамды аныктоодо кичипейил жана сылык формада имараттын ичине кирбөөнү жана ҮМБдагы дарыгерге же колл-борборго кайрылууну сунуштайт.
  2. Окуу имаратына беткапсыз кирүүгө жана беткапсыз жүрүүгө тыюу салынат. Беткапты ар бир 2 саатта алмаштырып туруу керек. Окуу жайдын, кафедранын кире бериш жеринде беткап режимин катуу сактоо жөнүндө кулактандырууну илүү зарыл.
  3. Адамдардын ортосундагы минималдуу 1-1,5 метрден кем эмес физикалык аралыкты сактоо зарыл. Окождор адамдардын топтолуусун чектөөгө, массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүн болтурбоого тийиш.
  4. Окождо окожго/кафедрага кире бериште колду дезинфекциялоо үчүн антисептикалык каражаттар менен камсыздалашы керек. Колледж кире бериш жерде билим алуучулардын жана кызматкерлердин колун антисептиктер менен дезинфекциялоону, санитардык түйүндөрдө самындын жана даарат кагазынын дайыма болуусун камсыздоосу зарыл, колду дезинфекциялоо үчүн антисептикалык каражаттар менен дозаторлорду орнотушу керек. Ажатканаларда жана окутуу бөлмөлөрүндө антисептик менен чыканак санитайзерлерин орнотууга тийиш.
  5. Ар бир сабактан кийин билим алуучулар жокто окуу бөлмөлөрүн, лекциялык залдарды, спорт залды, окутуу устаканаларын өтмө желдетүүнү камсыздоо зарыл. Бирок, 2 саатта 1 жолудан кем эмес. Аба ырайынын шарттарын эске алуу менен дене тарбия сабактарын ачык абада өткөрүүнү уюштуруу сунушталат. Спорт залында өтүүчү сабактардын санын кыскартып, дене тарбия сабактары үчүн ачык спорт аянтчаны колдонуу керек.
  6. Мүмкүнчүлүккө жараша аба чөйрөсүн дезинфекциялоону абаны зыянкечтерден тазалоо үчүн шаймандарды колдонуу менен камсыздоо (бактерициддик рециркуляторлор, кварц лампалары) керек.
  7. Танапис учурунда (күнүнө 2 жолудан кем эмес) жана сабактар бүткөндөн кийин жумушчу беттерди, полду, эшиктин туткаларын, азык-түлүк блокторунун имараттарын, эмеректерди, санитардык түйүндөрдү, крандардын вентилдерин, унитаздардагы бочоктордун баскычтарын дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоону уюштуруу зарыл
  8. Мүмкүнчүлүккө жараша ар бир группага окутуу бөлмөсүн аныктоо жана предметтик окутууну уюштуруп, ар бир группаны аныкталган бөлмөдө окутуу сунушталат.
  9. Көрсөтмө берүү журналында каттоо менен кызматкерлерге жана профессордук-окутуучу курамга коронавирус инфекциясын (COVID-19)  алдын алуу боюнча көрсөтмө берүү, беткап режимин сактоо зарылдыгы, кол гигиенасы, жөтөл этикети, физикалык аралыкты сактоо, ошондой эле жеке гигиенанын эрежелери жөнүндө билим алуучуларга маалымат берүүнү камсыздоо зарыл.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер