КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ

  • 03.11.2022
  • 0

КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде «Аярлуу да, ажарлуу да алтын күз» аттуу күз жарманкеси болуп өттү.

Иш-чара  колледждин жаштар комитети менен биргеликте дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окутуучулар жамааты жана  1-курстун тайпалары мыкты деңгээлдеги даярдык менен катышты.

КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ

Жарманкеде  катышуучулар жобого ылайык күз берметин чагылдырган  жалбырактардан жасалган кооз  көргөзмөлөрдү,  мөмө-жемиштерден жасалган түрдүү даамдарды, икэбаналарды стол үстүнө жайышты. Бул менен бирге күзгү мода көргөзмөсүн тартуулашып, жагымдуу чыгармаларды аткарышты.

Калыстар тобу ар бир тайпанын чыгармачылыгына, даярдыгына карата упай берип, жыйынтыгында эң мыкты үч тайпага байгелүү орундарды ыйгарып, диплом жана баалуу белектерди тапшырышты.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер