КОЛДООГО МУКТАЖДАР КОРООГО ЧЫГЫП КАЛАБЫ?
- 10.03.2020
- 0
Медицина, билим берүү ж.б. бюджеттик мекемелерде эмгектенишкен кызматкерлер жашаган жерлеринен айрылып, талаада калуу коркунучунда. Бул тууралуу алар өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго жазган арызында билдиришти.
Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндө жайгашкан беш кабат жатакананы бюджеттик мекемелерде иштеген адамдар тээ 1997-жылдан бери баш баанектеп келишет. Анын шарты жашоого өтө ыңгайлуу болбосо да, “жоктон көрү жогору” дегендей, үй салууга же сатып алууга чамасы жоктор үчүн жакшы эле болчу. Жашоочулардын айтымында, убагында менчиктештирүү убадасы менен берилген үйдүн жашоочулары азыр жада калса справка ала алышпай калды.
Жашоочулардын бири, кесиби боюнча мугалим Аида Ногоеванын эки баласы бар. Ал биринчи жана экинчи класста окуп жаткан балдарына тиешелүү документтерди ала албай кыйналгандыктан, жолдошу экөө Чүй облусундагы жакын тааныштарына убактылуу көчүп барып жашап жатышат.
— Менин кесибим – мугалим. Жолдошум болсо иштебейт. Эки кичинекей баламды мектепке орноштура албай кыйналганда, Чүй районунун Кошкоргон айылындагы жакын тааныштарыбыздыкына көчүп барууга аргасыз болдук. Азыр ошол айылдагы мектепте мугалим болуп иштеп жатам. Балдарымды алды экинчи класста, кичүүсү биринчи класста окуп жатат. Фучиктеги жатаканада негизинен мага окшоп бюджеттик мекемелерде аз айлыкка иштегендер, пенсионерлер жашайт. Бул да аргасыздыктан деп ойлойм. Акчабыз болсо, ошол жатаканага байланбай эле, өз алдыбызча кетет элек да. Бир чети ушунча жыл жашап көнүп калган жериңди таштап кете албай да калат экенсиң,-дейт Аида кейип.
Ногоева Аида айткан жашоочулардын бири Замира Бекботоеванын кесиби стоматолог. Ал жалгыз бой эне болгондуктан, уулу экөө ушул жердеги бөлмөлөрдүн биринде жашап келаткандыгына 15 жылдан ашты.
— Фучик көчөсүндөгү 24-үйдө учурда бюджеттик мекемелерде иштеген 100дөн ашык адам жашайт. Анын ичинде медицина кызматкерлери, мугалимдер, бала бакча тарбиячылары, милиционерлер жана ошондой эле социалдык кызматкерлер бар. Биз 2005-жылга чейин Бөкөнбаев көчөсү 144 “а” дарегиндеги жатаканада жашачубуз. Ал жерден бизди ушул азыркы жатаканага которулсаңар, менчиктештирип беребиз деген убада менен көчүрүшкөн. Бирок жылдар өтүп, менчиктештирмек тургай, азыр пропискабызды узартуудан баш тартып жатышат. Анын кесепетинен балдарыбызды мектепке, бала бакчага жайгаштыралбай, жадагалса, ооруканага кайрыла албай жатабыз. Ушул жерде төрөлүп, бой жеткен балдар аскер комиссариатына да баралышпайт,-дейт Замира Бекботоева. Алды пенсионер болуп, жарамсыз калган жашоочуларды эртең короого кууп чыкса, кайда барабыз деп кооптонуп жашап жатышканын айткан Замира ден соолугу боюнча пенсияга чыкканча, улуттук госпиталда иштеген.
Фучик көчөсүндөгү жатакананын жашоочулары буга чейин да КР өкмөтүнө, саламаттыкты сактоо министрлигине жана ошондой эле ЖК эл өкүлдөрүнө бир нече жолу кайрылышкан. ЖК депутаттары Жанар Акаев жана Евгения Строкова жерине келип көрүшүп, жардам беребиз деп жакшы эле баштагандай болушкан, бирок тилекке каршы, маселенин башы ушул кезге чейин ачык бойдон калууда.
— Бул жатакананын имараты Кыргыз мамлекеттик дарыгерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун балансында турат. Мурда бул имаратта наркологиялык диспансер жайгашкан экен. Жатаканага айланган соң, ага ылайыкташтырып беришкен. Бирок шарттары өтө ыңгайлуу деп айтууга болбойт. Планировкасы узун коридор типтүү, ар бир бөлмөсү 18 чарчы метрден, ысык суусу жок, бир нече бөлмөгө бир даараткана туура келет. Ушул бөлмөлөр үчүн айына эки миң сомдон төлөйбүз,-дейт Замира Бекботоева.
Жатакананын жашоочуларынын айтымында, жогоруда аталган институттун мурдагы директору келишимди үзбөй эле түзүп келген, а бирок азыркы директору Рустам Курманов келишимди узартуудан баш тартууда. Келишимдин жоктугунан кайсы күнү эшикке кууп чыгаар экен деп, кооптонуу менен күн кечирип жатышкан тургундардан ошол эле учурда бөлмө үчүн акысын үзбөй эле алып келатышканына таң калбай койбойсуң.
Жогоруда айтылгандай, бардык тиешелүү инстанцияларга, ЖМК өкүлдөрүнө жардам сурап, арга издеп кайрылышкан жашоочулар, акыркы үмүтү өлкө башчысында калганын айтышууда.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер