«КОЛ ЭМГЕК КАЗЫНАСЫ» ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНЫШТЫ
- 18.01.2025
- 0
17-январда Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Кол эмгек казынасы» аттуу уникалдуу көргөзмөнүн ачылышы болду.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору тарабынан уюштурулган.
«Кол эмгек казынасы» көргөзмөсүнө 9-17 жаштагы балдар тарабынан даярдалган уникалдуу эмгектер тандалган. Кыргызстан, Беларусия, Казакстан, Россия, Тажикстандан жана Өзбекстандан 1000ден ашык бала катышып, беш номинация боюнча өз чыгармаларын сунушташты. Калыстар тарабынан композициялык, эксклюзивдик, оригиналдуу экологиялык жана декоративдик чыгармалар каралды.
Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саидикрам Ниязходжаев, Россиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов ж.б. өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү келип, жаш таланттарды куттуктап, эл аралык маданий алмашууну колдоп жатышканын билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдорду жана сыйлыктарды тапшырды.
“Конкурска катышкан ар бир өлкөнүн балдары өз өлкөсүнүн тарыхый мурастарын дагы изилдеп, кызыгуу менен катышканына, ал эми мугалимдерге жана ата-энелерге чыгармачылыкты колдогону үчүн ыраазычылык билдиребиз”, — деди министрдин орун басары.
Ошондой эле ал ушул сыяктуу иш-чаралар улуттук маданиятты сактап, эл аралык достукту бекемдеп, жаштарды чыгармачылыкка шыктандыруу үчүн маанилүү экендигин белгиледи.
Комментарийлер