КОЕН ЖЫЛЫНДА ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАНДАР

  • 05.01.2024
  • 0

Өтүп бара жаткан жыл көптөгөн билим берүү тармагында иштегендерге жаман жыл болгон жок. Жыл ичинде эл аралык деңгээлде мыкты мектеп аталган, республикалык сынакка катышып, байгелүү орундарга ээ болгон мугалимдер да жок эмес.

Мыкты мектеп

Жакында эле “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин (генералдык директору КРнын билим берүүсүнө эмгеги сиңирген мугалими, “Даңк” медалынын ээси Г.Дайырбекова) окуучулары Түркия мамлекетинин Анталия шаарында өткөн XV эл аралык билим олимпиадасына 20 окуучу катышып, анын 16ы 1-, 2-, 3-орундарды камсыз кылышты. Дүйнө жүзүнөн келген эң мыкты 57 мектептин зээндүү балдары менен креативчилер тең тайлашып, бардык жагынан биринчи экенин тастыктап, Кыргызстандын желегин бийик желбиретишти. Интеллектуалдык сынакка катышкан 14 мамлекеттин 57 мектебинен ичинен “Креатив-Таалим” эл аралык деңгээлде “Мыкты мектеп” деп табылып, жалпы эсепте 1-орунду багындырышты.

КОЕН ЖЫЛЫНДА ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАНДАР

Жылдын мыкты мугалими

“Жыл мугалими – 2023” республикалык сынагынын жеңүүчүсү, Ош шаарындагы №37 Гапар Айтиев атындагы орто мектептин англис тили мугалими Элнура АЛЕКОВА.

КОЕН ЖЫЛЫНДА ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАНДАР

— Мугалим – бул тажрыйбалуу психолог, кереметтүү акын, даңазалуу актёр, теңдеши жок жардамчы жана башкысы – чыныгы дос. Бүгүнкү күндө мугалимдиктен өткөн, жомоктошкон кесип болбосо керек. Мугалимдик кесип – дүйнөдөгү эң байыркы жана эң мыктыларынын бири, — дейт жеңүүчү.

Ош шаарындагы жана облустагы англис тилчи мугалимдерине колдоо жана жардам көрсөтүү боюнча атайы KG TESOL ассоциациясынын мүчөсү. Англис тилчи мугалимдерге тренинг жана семинарларды уюштуруп, сабак өтөт, тажрыйба алмашат. Социалдык баракчалар аркылуу да сабактарын чыгарып, иш-тажрыйбасын жайылтууга аракет кылат.

  Кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу

“Жыл мугалими – 2023” республикалык сынакка быйыл биринчи жолу мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин педагогдору катышты. 1-орунду алыскы чек арада жайгашкан Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун Арт-эстет ийримин жетекчиси  Баходир ИШАНКУЛОВ камсыз кылды.

КОЕН ЖЫЛЫНДА ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАНДАР

Ал 11 жылдан бери Баткен облусунун Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун Арт-эстет ийримин жетектеп келет. Учурдун талабын эске алып, балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюму жөнүндө Типтүү жобосуна ылайык, автордук программа иштеп чыккан.

“Жылдын мыкты тарбиячысы-2023”

“Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” конкурсунда байгелүү биринчи орунду Бишкек шаарындагы №11 “Ак-кеме” бала бакчасынын даярдоо тайпасынын тарбиячысы Татыбүбү Мамбеткулова ээлеп, диплом жана 100 миң сом менен сыйланды.

КОЕН ЖЫЛЫНДА ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАНДАР

Баш байге ээси Татыбүбү Мамбеткулова бул тармакта эмгектенип келатканына тогуз жылдын жүзү болду.

— Педагогдун негизги милдети – балдар сүйүү, мээрим төгүү. Өз кесибиңди сүйүп иштегенде гана ийгиликке жол алып барчу ачкычты таба аласың. Азыркы заман талабына ылайык, жаңыча ыкма менен балдарды оюн аркылуу кызыктырып, багбан дыйкандай балдарды бапестеп багып өстүрүү милдетин аркалаган кесиптештериме Жаңы жылда көптөгөн ийгиликтерди, бакубат жашоону каалайм. Биз тарбиялап, өстүргөн балдар ар дайым ата-энелерине жана аларга билим-тарбия берген мугалимдерге сыймык, сыйлык тартууласын, — дейт Татыбүбү Мамбеткулова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер