КОЧКОРДО ЖЫЛ АЯГЫНА ЧЕЙИН ЖАҢЫ МЕКТЕП ИШКЕ БЕРИЛЕТ

  • 15.11.2023
  • 0

КОЧКОРДО ЖЫЛ АЯГЫНА ЧЕЙИН ЖАҢЫ МЕКТЕП ИШКЕ БЕРИЛЕТ

Кочкор районунда жыл аягына чейин жаңы мектеп ишке берилет.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн «Кабар» маалымат агенттигине  билдиришкендей, Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектеби 275 орунга ылайыкталган. Аталган мектептин капсуласы мындан 3 жыл мурун салынган. Учурда курулуштун 80-90 пайызы бүткөрүлдү.

«Билим уясына республикалык бюджеттен 65 млн сом жумшалган. Иш ыргагы өз нугунда жүрсө, мектеп декабрь айында өз эшигин ачмакчы», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын аягына чейин республика боюнча 100 мектептин курулушу бүткөрүлүп, ишке берилет.

Комментарийлер