КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕКТЕПТЕ ПРАКТИКАСЫН ӨТҮҮДӨ

  • 26.01.2024
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекетик тил жана маданият институтунун орус филологиясы факультетинин 3-курсунун студенттеринин Бишкек шаарындагы А.Сыдыков атындагы №72 орто мектебинде профессионалдык-базалык педагогикалык практикасы башталды.

КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕКТЕПТЕ ПРАКТИКАСЫН ӨТҮҮДӨ

Эки жума аралыгында студенттер мектептин мугалимдеринин сабактарына катышуу менен тажрыйба топтоп, кийинки сегиз жума өздөрү толук кандуу сабак өтүшөт.

Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева практиканттарга университетте алган теориялык билимдерин мектепте толук кандуу практика жүзүндө ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткандыгын айтып, болочокто мыкты адис, кесибин сүйгөн билимдүү мугалимдер болуусуна ишеничин билдирди.

КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕКТЕПТЕ ПРАКТИКАСЫН ӨТҮҮДӨ

Мамлекеттик тил жана маданият институтунун орус филологиясы факультетинин практика жетекчиси Токтожан Алыбаева студенттердин практика өтүүдө мектептин ички тартиби жана эрежелерин так сактоого чакыруу менен бирге, практиканттарга окуучулар менен эркин жана кесипкөй баарлашуудан жакшы натыйжаларды жаратууга чакырды.

№72 орто мектептин башталгыч классынын орус тили сабагынын мугалими Гүлзат Абдрасулова практиканттарга мектептин эрежелери менен тааныштырып, окуучуларга сабак өтүүдө негизги кесиптик даярдык жана балдар психологиясын мыкты өздөштүрүүгө көңүл буруу зарылдыктарын баса белгиледи.

КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕКТЕПТЕ ПРАКТИКАСЫН ӨТҮҮДӨ

Мектептин кыргыз мектебинде орус тили сабагынын мугалими Анурат Сооронова практиканттар менен таанышуу учурунда орус тили предметин окуучуларга кызыктуу өтүүдө пайдалана турган кеңештери менен бөлүшүп, студенттерге мугалимдик кесиптин орчундуу жана ошону менен бирге ардактуу экенин белгилеп, мугалимдик кесипти сүйүп эмгектенүү ырахат тартуулайт экендигин айтты.

Методист Гульнура Осмонова практика өтүүдө студенттерге тоскоолдуктар, кыйынчылыктар жаралган учурда усулдук кеңештерди берип, дайыма практиканттарга жардам берип турган насаатчы катары, студенттерди биргелешип иштөөгө чакырды.

И.Арабаев атындагы КМУнун практика жетекчиси Нурпаис Баястанов практиканттарга ийгиликтерди каалап, университеттин учурдагы санариптештирүү программасы боюнча QR-код менен катталып туруу зарылдыгын эскертти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер