КМУНУН EPIC ДОЛБООРУНА КАТЫШУУГА БЕРГЕН АРЫЗЫ ЖАКТЫРЫЛДЫ

  • 19.02.2024
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун EPIC (Empowering People through Innovation and Creativity) — элди инновация жана чыгармачылык аркылуу күчтөндүрүү долбооруна катышууга берген арызы жактырылды.

КМУНУН EPIC ДОЛБООРУНА КАТЫШУУГА БЕРГЕН АРЫЗЫ ЖАКТЫРЫЛДЫ

АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган EPIC долбоору Кыргызстандагы уюмдардын потенциалын окутуу жана гранттар аркылуу бекемдөөгө багытталган.

Долбоордун алкагында, И.Арабаев атындагы КМУнун англис тили окутуучулары долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча беш күндүк тренингге катышат.

Андан соң Ш.Кадырова атындагы Чет тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун теория, технология жана практика кафедрасынын 40 окутуучусунун англис тилин окутуунун заманбап усулдары жаатындагы квалификациясын жогорулатуусуна көмөктөшөт.

КМУНУН EPIC ДОЛБООРУНА КАТЫШУУГА БЕРГЕН АРЫЗЫ ЖАКТЫРЫЛДЫ

“Ш.Кадырова атындагы Чет тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун окутуучуларын англис тилин окутуунун заманбап ыкмаларына окутуу» аталышындагы долбоор И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Айгүл Абдраеванын жетекчилигинде түзүлгөн. Долбоорду даярдагандар англис тили окутуучулары PhD докторант Рахат Рай кызы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Нуриса Эргешбаева, филология илимдеринин кандидаты Нурила Чойбекова.

EPIC долбооруна катышуу И.Арабаев атындагы КМУ үчүн долбоорду башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, өз долбоорун ишке ашыруу үчүн грант алууга, потенциалын жогорулатууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү болууга эң сонун мүмкүнчүлүк.

Бөлүшүү

Комментарийлер