КМУда — ЖОЖдор арасында корей тили боюнча дебат сынак
- 14.10.2025
- 0
Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Корея Республикасынын элчилиги жана Седжонг институту тарабынан уюштурулган жогорку окуу жайлар арасында корей тилинде дебат сынагы өттү.
Сынакка Кыргызстандын ЖОЖдорунда корей тилин үйрөнүп жаткан студенттер катышты.
КМУнун дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун корей тили жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн “Котормо жана котормо таануу” багытынын 3-курсунун студенти Ишенбекова Анина мыкты натыйжа көрсөтүп, 1-орунду ээледи.
Иш чаранын соңунда Чонбук университети жана Кёнвун университети тууралуу презентациялар көрсөтүлдү. Аталган эки жогорку окуу жайда билим алууга кызыккан студенттер үчүн атайын лотерея уюштурулуп, жыйынтыгында эки студент бекер окуу мүмкүнчүлүгүн утуп алышты. (БК)
Комментарийлер