КМУда “САБАТТУУ ЖАЗ” АКЦИЯСЫ СТАРТ АЛДЫ
- 22.10.2024
- 0
Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгынын, мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жана университеттин 80жылдыгынын алкагында “Сабаттуу жаз” акциясы старт алды.
“Сабаттуу жаз” акциясы жатжазуу түрүндө окуу жайдын 1-курсунун студенттеринин арасында 21-25-октябрь күндөрү өткөрүлөт.
Акциясынын максаты — мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, студенттердин мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу маданиятын жогорулатуу, жазуу көндүмдөрүн өнуктүрүү, Ишеналы Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгүн даңазалоо.
Бөлүшүү
Комментарийлер