КМУда “Келечектин илимпоздору” эл аралык долбоору өтүүдө

  • 28.10.2025
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Келечектин илимпоздору” аталышындагы эл аралык илимий долбоор өз ишин баштады.

КМУда “Келечектин илимпоздору” эл аралык долбоору өтүүдө

Иш-чарага КМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, А. С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институтунун (Москва) илим боюнча проректорунун милдетин аткаруучу Наталья Боженкова, ошондой эле жаңы маалыматтык технологиялар институтунун, педагогика жана психология институтунун, орус филология факультетинин, физика-математика факультетинин профессордук-окутуучулар курамы, магистранттар жана студенттер катышууда.

КМУда “Келечектин илимпоздору” эл аралык долбоору өтүүдө

Долбоордун алкагында жаш илимпоздор менен окутуучулар илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча пикир алмашып, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана инновациялык билим берүү багыттарын кеңейтүү маселелерин талкуулашууда.

КМУда “Келечектин илимпоздору” эл аралык долбоору өтүүдө Белгилей кетсек, иш-чара КМУнун орус филологиясы факультети жана А. С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту тарабынан биргелешип уюштурулуп, илимге кызыккан жаштардын чыгармачыл жана изденүүчүлүк жөндөмүн колдоого багытталган.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер