КМУДА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

  • 10.04.2026
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Билим берүү системасын санариптик трансформациялоодо жаңы технологиялардын ролу жана инновациялык окутуу стратегиялары» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чара Садыр Жапаровдун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу тууралуу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында уюштурулду. Конференцияга университеттин ректору Айгүл Абдраева, профессордук-окутуучулар курамы, жаш окумуштуулар жана студенттер катышууда.

КМУДА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Конференциянын жүрүшүндө билим берүү системасын санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери кеңири талкууланууда. Атап айтканда, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды окутуу процессине интеграциялоо, инновациялык педагогикалык ыкмаларды колдонуу, онлайн жана гибриддик окутуунун артыкчылыктары, жасалма интеллекттин билим берүүдөгү ролу, ошондой эле окутуучулардын санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу маселелери боюнча баяндамалар жасалууда.

КМУДА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Илимий жыйын И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогикалык колледжи тарабынан уюштурулуп, билим берүү тармагындагы адистер үчүн тажрыйба алмашуу жана жаңы идеяларды талкуулоо аянтчасы болууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер