КМУДА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН АЙКЕЛИ ОРНОТУЛДУ

  • 21.12.2023
  • 0

18-декабрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулган Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылышы болуп өттү.

КМУДА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН АЙКЕЛИ ОРНОТУЛДУ

Салтанаттуу иш-чарада КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраеванын айтымында М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун доценти Жанышбек Жамурзаевдин демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды.

КМУДА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН АЙКЕЛИ ОРНОТУЛДУ

Ректор айкелдин ачылыш аземине университеттин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Роза Айтматова катышып, көзүнө жаш алганы, улуу жазуучунун бир тууганы  болуу ал үчүн бир тарабынан сыймыктуу болсо, экинчи тарабынан жоопкерчиликтүү экени сезилди деп баса белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө  Роза Айтматовага Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгы юбилейлик медалын тапшырды.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, М.Р. Рахимова атындагы ККББИнин табигый-математикалык билимдер кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Жанышбек Жамурзаевге КРнын  УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тилдер жана адабият институтунун директору  Абдылдажан Акматалиев Ардак грамота тапшырды.

Рөза Айтматова өз сөзүндө Ишеналы Арабаев атындагы КМУ Ч.Айтматовго арналган бир катар маңыздуу, маанилүү иш-чараларды өткөрүп жатканын белгиледи. Ошондой эле өзү да дал ушул окуу жайды аяктап, ушул жерде өз кесибинин мыкты адиси болуп жүрүп пенсияга чыкканын айтты.

КМУДА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН АЙКЕЛИ ОРНОТУЛДУ

Салтанаттуу иш-чарага КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тилдер жана адабият институтунун директору, ф.и.д., академик Абдылдажан Акматалиев университетте Айтматовдун айкелинин ачылганы өзүнчө бир чоң символикалуу мааниге ээ экинин баса белгиледи. Анткени бул окуу жай келечектеги мугалимдерге билим берүүдө. Айтматов да өзүнүн чыгармаларында мугалимдин образын ачып бергенин айтты. Аталган иш-чарада  «Манас» театрынын директору, манасчы Азиз Биймырза уулу «Манас» эпосунан үзүндү айтып берди.

М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун студенттери тарабынан “Улуулардан уланган улуу жомок” аттуу сахналаштырылган көрсөтүү тартууланып, андан соң аталган институттун 3-курсунун студенти Андрей Красников “Майсалбектин катындагы патриоттук идеялар” аттуу баяндамасын мыкты аткарып, катышуучулардын алкышына ээ болду.

Иш-чарага ЖОЖдун проректорлору, курам жетекчилери жана студенттер катышты.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер