КМУ МЕНЕН БФУнун КЕЛИШИМИ

  • 19.09.2023
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинин делегациясы келди.

КМУ МЕНЕН БФУнун КЕЛИШИМИ

Жолугушуунун алкагында, ЖОЖдордун ректорлору И.Арабаев атындагы КМУда И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту.

Ошондой эле коноктор  окуу жайдын музейи менен таанышып, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту.

И.Арабаев атындагы КМУда И.Кант атындагы БФУнун расмий өкүлчүлүгүнүн ачылышын утурлай, аталган университеттин ректору, философия илимдеринин доктору, профессор Александр Федоров “Келечектин өндүрүшү: адамзат эмнени ойлоп тапты жана аны менен кантип күрөшүп жатат» деген темада окуу жайдын студенттерине лекция өттү.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер