КМТУДА «ТИЛИМ ЖҮРӨГҮМДӨ» РЕСПУБЛИКАЛЫК АКЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 03.11.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн “Тилим жүрөгүмдө” акциясы жыйынтыкталды.

КМТУДА «ТИЛИМ ЖҮРӨГҮМДӨ» РЕСПУБЛИКАЛЫК АКЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Акцияга республикадагы баардык жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышты. Салтанаттуу жыйынды КМТУнун ректору М.Джаманбаев ачып берди. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Н.Ишекеев иш-чарага активдүү катышкан мекемелердин кызматкерлерине, ЖОЖдун студенттерине атайын сыйлыктарды тапшырып, ыраазычылык билдирди.

Акция 2020-жылдын 14-сентябрынан 14-октябрына чейин өткөрүлдү. Акцияга КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын окутуучу-профессордук курамынын жетекчилиги астында 53 видеоролик даярдалды. Баардык видеороликтер Фейсбук, Инстаграм жана башка социалдык тармактарга жайгаштырылып, эң мыкты деп аталган төмөнкү студенттер КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан белгиленип, кызыктыруучу белектерге ээ болушту.

КМТУДА «ТИЛИМ ЖҮРӨГҮМДӨ» РЕСПУБЛИКАЛЫК АКЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • Уранбек кызы Чолпонай, МТФ, ПМИ(б)-2-20 тайпасынын студенти;
  • Дүйшөналы уулу Нурдин, МТФ, ПМИ(б)-2-20 тайпасынын студенти;
  • Мукамбетова Сауле, МТФ, ПМИ(б)-2-20 тайпасынын студенти
  • Кириченко Юлия, ИЭФ, ИСТ-1-20 тайпасынын студенти;
  • Халибекова Селем, ИЭФ, МЕН-1-20 тайпасынын студенти;
  • Турдалыев Алмазбек, ЭФ, ЭЭ(б)-1-20(C) тайпасынын студенти;
  • Турдиева Карина, ТФ, ТПППЖПг(б)-1-20(МЛ) тайпасынын студенти
Бөлүшүү

Комментарийлер