КМТУда Моцы устаканасы ачылды
- 26.12.2024
- 0
Бүгүн, 26-декабрда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде студенттердин инженердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган жаңы билим берүү борбору:Моцы устаканасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чара университеттин башкы корпусунда башталып, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Шаршеевна Кендирбаева,
Ляонин темир жол институтунун ректору, профессор Юэ Гуйсинь, транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Акбар уулу Данияр катышты.
Долбоорду КМТУнун эл аралык кызматташтык боюнча проректору Ж.Д. Сыдыков тааныштырып, BIM, CAD жана инженердик изилдөөлөр боюнча адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар №97 лицейге барып, устакананын ачылыш аземине күбө болушту. Программа улуттук стилдеги концертти жана заманбап лабораторияларды көрсөтүүнү камтыды.
Расмий бөлүктөн кийин катышуучулар КМТУга кайтып келишип, конференц-залда билим берүү тармагындагы кызматташтык келечегин талкуулашты. Жыйындын жүрүшүндө студенттерди окутуу, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, академиялык мобилдүүлүк жана чет элдик студенттерди тартуу маселелери каралды.
«Моцы устаканасы» долбоору 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын негизинде ишке ашырылган.
Максаты – темир жол курулушу боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.
Моцы устаканасы Кыргызстандагы инженердик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, алдыңкы технологияларды киргизип, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Бөлүшүү
Комментарийлер