КМТУда ДҮЙНӨДӨГҮ CESERILAB ЛАБОРАТОРИЯСЫ АЧЫЛДЫ

  • 16.05.2024
  • 0

16-майда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде CeseriLab лабораторияларынын дүйнөдөгү 18-лабораториясынын ачылышы болду.

КМТУда ДҮЙНӨДӨГҮ CESERILAB ЛАБОРАТОРИЯСЫ АЧЫЛДЫ

Лабораториянын ачылышына билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) Президенти Серкан Каялар, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев ж.б. катышты.

КМТУда ДҮЙНӨДӨГҮ CESERILAB ЛАБОРАТОРИЯСЫ АЧЫЛДЫ

Министр Догдуркүл Кендирбаева ТИКАнын Президенти Серкан Каяларга кыргыз-түрк кызматташтыгынын өнүгүшүнө, CeseriLab лабораториясынын түзүлүшүнө жана эки элдин достук мамилесинин чыңдалышына кошкон салымы үчүн министрликтин ыраазычылык катын тапшырды.

CezeriLab лабораториясы – студенттерге 3D-технологиялар жана электроника тармагында оффлайн жана онлайн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, 3D моделдөө технологиясын колдонуу менен долбоорлоо жана изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча аянтча болуп саналат.

КМТУда ДҮЙНӨДӨГҮ CESERILAB ЛАБОРАТОРИЯСЫ АЧЫЛДЫ

Заманбап жабдуулар менен жабдылган лаборатория дүйнөнүн 17 өлкөсүндө жайгашкан. 2023-жылдын ноябрь айында КМТУнун технология багытындагы бир нече кафедранын окутуучулары жана студенттери үчүн CeseriLab лабораториясынын окуу семинарлары жана тренингдери TИKA тарабынан уюштурулган.

Cezeri Lab лабораториясы Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын колдоосу менен ачылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер