КМТУ менен PTV Group окуу борборун ачты

  • 29.01.2025
  • 0
Бүгүн, 29-январда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде PTV биргелешкен окуу борборунун ачылышы жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюу аземи болуп өттү. Борбор эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен түзүлүп, жол кыймылын башкаруунун заманбап ыкмаларын изилдөөгө багытталган.
КМТУ менен PTV Group окуу борборун ачты
Иш-чарага Польшанын Кыргызстандагы элчисинин жардамчысы М. Чермашева, PTV Group өкүлдөрү – компаниянын Польшадагы филиалынын башкы директору Мартина Абендрот-Милунска, Борбордук жана Чыгыш Европа боюнча вице-президенти Питер Мол, PTV Groupтун жергиликтүү өнөктөшү Кристиан Бёттгер, ошондой эле окуу программалары боюнча университеттин өкүлү жана Жол кыймылын башкаруу тутуму (СУДА) боюнча эксперт Айварес Вилкелис катышты. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү, «Жол-транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү жана башка чакырылган коноктор да катышты.
КМТУ менен PTV Group окуу борборун ачты
Акыркы жылдары Бишкек шаарында автоунаалардын саны кескин көбөйүп, жол тыгындары байкалууда. Мындан тышкары, автоунаалар абанын булганышынын негизги булактарынын бири болуп саналат. Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында шаарда жаңы автобустар сатып алынып, коомдук транспорттун иштөө маршруту жана графиги оптималдаштырылып, жол кыймылын уюштуруунун автоматташтырылган тутумдары (акылдуу светофорлор) орнотулуп, велосипед жолдору курулуп, жаңы автоунаа жолдору салынууда. Быйыл көп деңгээлдүү транспорттук өткөөлдөрдүн курулушу да пландалууда.
Жаңы окуу борборунда орнотулган Vissim, Vissum, Viswalk программалык камсыздоосу транспорттук жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын моделдөөгө, коомдук транспорттун ишин оптималдаштырууга, айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлин эсептөөгө, светофорлордун иштөө режимдерин көзөмөлдөөгө жана эң негизгиси – сунушталган чечимдердин практикалык маанилүүлүгүн ашыкча каржылык чыгымсыз аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
КМТУ менен PTV Group окуу борборун ачты
КМТУнун бул борборду заманбап компьютердик техника менен жабдуудагы чоң салымы өзгөчө белгиленди. Иш-чаранын катышуучулары келечекте борбор биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, кадрларды даярдоого, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, жайкы мектептерди, семинарларды жана башка билим берүү иш-чараларын уюштурууга негиз боло турганын баса белгилешти.
PTV Биргелешкен Окуу Борборунун түзүлүшү – Бишкектин транспорттук тутумун өркүндөтүүгө карай маанилүү кадам. Борбордун ишмердүүлүгү транспорттук кыймылдын сапатын жогорулатууга, жол тыгындарын азайтууга жана экологиялык кырдаалды жакшыртууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Комментарийлер