КМТУ дүйнөлүк алдыңкы компания менен кызматташат
- 20.01.2025
- 0
КМТУ менен Кытайдын Star Vision Aerospace Limited компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду.
Star Vision – аэрокосмостук технологиялар боюнча дүйнөдөгү алдыңкы жеке компаниялардын бири. Ал жасалма интеллектти колдонуу менен заманбап космос кызматтарын көрсөтөт.
Компаниянын 20дан ашык өзүнүн спутниги жана башка кытайлык компаниялардын 300дөн ашык спутнигин пайдалануу тажрыйбасы бар. Star Vision спутниктик технологиялардын толук циклин камсыз кылат: спутниктерди долбоорлоо, өндүрүү, космоско учуруу жана башкаруу. Ошондой эле компаниянын деңиз платформасы бар, ал спутниктик ракеталарды учуруу үчүн колдонулат.
КМТУ жана Star Vision Кыргызстандын биринчи спутнигин иштеп чыгуу жана учуруу боюнча мамлекеттик мекемелер жана компаниялар менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө макулдашты.
Университет келечекте спутниктерди долбоорлоо, өндүрүү жана башкаруу иштерине активдүү катышмакчы. Мындан тышкары, Star Vision КМТУнун базасында алыскы зонддоо жана санариптик Жер лабораториясын түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү караштырууда.
Бөлүшүү
Комментарийлер