КМТУ Бакай банк менен кызматташат

  • 17.03.2025
  • 0
 Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен  Бакай банкынын ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.
КМТУ Бакай банк менен кызматташат
Бул келишимдин максаты – билим берүү, илим жана практика аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо жана студенттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Тараптар студенттер үчүн стажировка жана практика өтүү, мастер-класстар, биргелешкен илимий изилдөөлөр, кадрлар резервин даярдоо жана спорттук долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.
КМТУ Бакай банк менен кызматташат
Меморандумга кол коюу КМТУ менен бизнес чөйрөсүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого багытталган маанилүү кадам катары белгиленди.
Келишим беш жылдык мөөнөткө түзүлүп, аны узартуу мүмкүнчүлүгү да каралган.
Бөлүшүү

Комментарийлер