КММА МЕНЕН КЫРГЫЗПАТЕНТ КЫЗМАТТАШТЫГЫ

  • 19.06.2024
  • 0

И. К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Ммдициналык академиясы Кыргызпатент менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызпатент жана КММА биринчи жолу медицина тармагында интеллектуалдык менчик объектилерин даярдоого жана каттоого багытталган профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүшкөн эле. Медицина тармагын өнүктүрүүдө, коомдун, айрыкча, адамдын ден соолугун сактоодо медицинадагы ачылыштар, инновациялар жана долбоорлор негизги ролду ойноору шексиз.

КММА Кыргызпатенттин кызматкерлеринин ичинен интеллектуалдык менчик боюнча мугалимди тиешелүү эмгек акы менен бекитүү жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, талапкерлер тандалып алынган. Ал макулдашуунун негизинде тандалган мугалим мындан ары тажрыйбасы менен бөлүшөт жана интеллектуалдык менчик маселелери боюнча сабак берет.

Меморандумга кол коюу учурунда тараптар окутуу иш-чараларын өткөрүү боюнча кызматташууну улантуу ниеттерин билдиришти. Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, окутуу иш-чаралары гана эмес, башка биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду пландаштыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер