КММА – МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН ФЛАГМАНЫ

  • 12.04.2022
  • 0

Кымбаттуу абитуриенттер!

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – Кыргызстандагы медициналык жана фармацевтикалык билим берүүнүн флагманы болуп саналат. Окуу жай 1939-жылы негизделген, жетимиш жылдан ашуун убакыттын ичинде 40 миңге жакын дарыгерди даярдап чыгарды.

КММА – МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН ФЛАГМАНЫ

Бүгүнкү күндө КММАда жети миңден ашык студент, клиникалык ординаторлор жана интерндер окуп жатышат. Алардын арасында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келгендер да бар.

Элүүдөн ашык теоретикалык жана клиникалык кафедраларда жүздөгөн жогорку квалификациялуу окутуучулар, алардын арасында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери, академиктер, илимдин докторлору жана кандидаттары билим берет. Профессордук-окутуучулар курамынын дээрлик көпчүлүгүн КР эмгек сиңирген дарыгерлер, илимге эмгек сиңирген ишмерлер, саламаттыкты сактоонун жана билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмерлери, медициналык жана башка илимдердин жогорку сыйлыктарынын ээлери түзөт. КММАда легендарлуу хирургдар, Кыргызстандын баатырлары — Мамбет Мамакеев жана Миталип Мамытов ийгиликтүү иштеп жатат.

КММА – МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН ФЛАГМАНЫ

Студенттерге билим берүү заманбап медициналык техникалар жана аспаптар менен жабдылган КММАнын аудиторияларында жана окуу борборлорунда жүргүзүлөт. Жакынкы убактарда окуу жай өзүнүн клиникалык базасын курууну пландап жатат.

КММА – МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН ФЛАГМАНЫ

Азыркы убакта Медакадемияда Европанын ири жогорку окуу жайларында ийгиликтүү иштеп жаткан үчүнчү муундагы Мамлекеттик билим берүү стандарты (ГОС-3) жүзөгө ашырылууда. Ушуга байланыштуу тийиштүү кафедралардын катышуусу менен окуу пландарына жана окуу программаларына бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Биздин башкы максатыбыз келечекте КММАнын Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө дагы эл аралык кадыр-баркын жана имиджин көтөрүүгө жетишүү. Бул тууралуу биздин 2021-2030-жылдарга карата бекитилген Өнүктүрүү стратегиябызда жазылган. КММАнын Стратегиясы билим берүүнү реформалоо концепциясында камтылган Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын эске алуу менен иштелип чыккан. Кымбаттуу абитуриенттер! Медициналык жогорку окуу жайдан билим алуу дайыма престиждүү болуп эсептелип келген. Анын үстүнө басып өткөн бай тарыхы, туруктуу жана жаркын келечеги бар
КММАдан билим алуу зор жетишкендик болуп саналат. Андыктан, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына кош келиңиздер!

КММА – МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН ФЛАГМАНЫ

КММАда алты ✓факультет бар:

Дарылоо иши факультети – 1939-жылы ачылган. Дарылоо иши адистиги боюнча дарыгерлерди даярдайт. Окуу мөөнөтү – 6 жыл, ординатура – 2-4 жыл. Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт.

Педиатрия факультети – 1956-жылы түзүлгөн. Дарыгер-педиатрларды даярдайт. Окуу мөөнөтү – 6 жыл, ординатура — 2-3 жыл. Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт.

Стоматология факультети – 1960-жылы ачылган. Факультетти бүтүргөндөр стоматология адистиги боюнча квалификациялуу дарыгер болушат. Окуу мөөнөтү – 5 жыл, ординатура – 2 жыл. Окутуу контракттык негизде жүргүзүлөт.

Фармацевтика факультети – 1981-жылы ачылган. Жогорку билимдүү фармацевтика адистерин даярдайт. Окуу мөөнөтү – 5 жыл, ординатура – 1 жыл. Окутуу контракттык негизде жүргүзүлөт.

Медициналык алдын алуу иши факультети – 1953-жылы ачылган. Коомдук саламаттыкты сактоо жана саламаттыкты сактоо тармагындагы башкаруу адистиктери боюнча, дарыгер-гигиенист, инфекционист, эпидемиологдорду даярдайт. Окуу мөөнөтү – 6 жыл, ординатура – 2 жыл. Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт.

Жогорку мээрмандык билим берүү факультети – 1998-жылы ачылган. Мээрмандык иштин менеджери, окутуучу адистиги боюнча мээрмандык кызматтын адистерин даярдайт. Окуу мөөнөтү – 5 жыл. Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт.

Бюджеттик жана контракттык негизде билим алуу үчүн конкурска Жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн гана абитуриенттер катышат. Төмөнкү тесттер боюнча топтогон упайлары босого упайдан жогору болушу керек: негизги тест, химия жана биология.

Сырттан келген студенттерге жатакана берилет.

Кабыл алуу комиссиясына төмөнкү документтер тапшырылат:

  1. КММАнын ректорунун наамына арыз;
  2. ЖРТ сертификатынын оригиналы;
  3. Орто билими тууралуу документ;
  4. Сүрөт: 4х6 2 даана, 3х4 4 даана;
  5. Аскердик билет же күбөлүк;
  6. Паспорттун көчүрмөсү же жарандыгын тастыктаган күбөлүк;
  7. Жашаган жеринен маалымкат (чет элдик жарандар үчүн).

Урматтуу абитуриенттер, биз сиздерди төмөнкү дарек боюнча күтөбүз:

Бишкек шаары,
Ахунбаев көчөсү, 92.

Индекс: 720020,

КММАнын башкы окуу имараты.

Байланыш телефондору:

56-97-15; 54-58-57

Веб-сайт: http://kgma.kg/

Эл.почта: [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер