КЛАССТА ЭРЕЖЕЛЕР КЕРЕКПИ?

  • 11.12.2024
  • 0

Эреже десе эле биз, мугалимдер, жолдо жүрүү эрежелерин же грамматикалык, ашып барса орфографиялык, орфоэпиялык эрежелерди түшүнөбүз. Ал эми класстагы окуу ишин натыйжалуу уюштурууга таасир эте турган эрежелер тууралуу сейрек сөз кылабыз. Бүгүн мына ушул көзгө көрүнбөгөн, бирок окуучулардын сапаттуу билим алуусунда зор мааниси бар маселеге кайрылып көрсөк деймин.

КЛАССТА ЭРЕЖЕЛЕР КЕРЕКПИ?

Башынан айтып коёюн, баланын инсанын кадырлоону, баланы ал кандай болсо, ошондой кабыл алууну, балага гумандуу мамиле жасоону баарынан бийик койгон гумандуу педагогика эч качан, эч убакта баарын антар-теңтер кылган либерализмге жол бербейт. Советтик педагогикада бараандуу орду бар жаңычыл-педагогдордун кимисин албайлы, Шетинин, Шаталов, Лысенкова, Амонашвили  болсун же өзүбүздүн даңктуу педагогдорубуз Гапыр Мадаминов, Орозали Сайдилканов же Өмүрзак Мамаюсупов болсун, баарында окутуу, тарбиялоо ишинде балдар-кыздарды системалуу, аң-сезимдүү билим алууга багыттаган жол-жоболор иштелип чыкканын көрөбүз. Гапыр Мадаминовдо класстагы окуучуларды билим алууга багыттаган эрежелер — акыл эмгегинин маданияты, энелер мектеби, Орозали Сайдилкановдо — «гумандуу педагогиканын принциптери», ал эми быйыл Президенттин колунан «Эмгек баатырын» алган Өмүрзак Мамаюсуповдо «илимий жетекчинин кошумча тапшырмалары» деп аталат.  Балдардын билим алуусуна таасир эткен ушул сыяктуу эрежелер менимче, ар бир мектепте иштеген агай-эжейде болууга тийиш.
Жумушума байланыштуу мен журналист болгонум менен кесибим боюнча мугалим экенимди эч качан эстен чыгарбаймын. Ушул күндөрү да  күн сайын эртең менен эки класска англис тилинен кошумча сабак берем. Эң башкысы, бул ишимди жакшы көрөм, андан рахат алам. Окуучуларым да менин сабактарымды чыдамсыздык менен күтүшөт. Эмне үчүн? Анткени, мен мугалим катары тубаса педагог Орозали Сайдилканов кайда болбосун ар убак айтып келген гумандуу педагогиканын жогорудагы алтын эрежелерин көкүрөктө сактап, окутуу жана тарбиялоо ишинде аларды кынтыксыз сактоого аракет кылам. Биздин класста мугалим менен окуучунун ортосунда өз ара түшүнбөстүк, таарыныч, жек көрүү сыяктуу терс көрүнүштөр жокко эсе.
Мен үчүн ар бир бала өзүнчө ачылыш, өзүнчө кооз, керемет дүйнө! Ошол кереметти, ошол бөтөнчөлүктү сиз, баланын инсанын сыйлай билгенде гана көрө аласыз. Окуучу мугалимден корксо, анда анын керемет дүйнөсү кандай аракеттерди көрсөңүз да сиз үчүн жабык бойдон калышы ыктымал.  Бала мектепте, класста натыйжалуу билим алышы үчүн анын инсандык эркиндигине карата эч бир чектөө, тыюу болбошу зарыл. Бала эч кимден жана эч нерседен коркпогон учурда гана ал берилген билимди  өзү эмгек кылып алууга даяр болот. Дагы бир байкаганым: билим алууда баланын жан дүйнөсүнүн тынчтыгы абдан маанилүү деп ойлойм. Бирок балага толук эркиндик берүү деген класста окуучу бала каалаганын кылса болот дегенди билдирбейт.
Андай болсо, баланын класстагы максаттуу билим алууга багытталган эркиндигин, жан дүйнө тынчтыгын кантип камсыз кылабыз?
Бул үчүн албетте, жолдо жүрүү эрежелериндей эле жол-жоболор керек. Жок болсо, аларды биринчи күндөн тартып, окуучулар менен биргеликте иштеп чыгуу зарыл. Эмесе, менин классымдагы эрежелерге токтолоюн.
Кошумча билим берүүдө иштегендер жакшы билишет, биздин класстык бөлмөлөр мектептегидей кенен эмес, тар. Ошондуктан, он жыл аралыгында, биз, балдар менен биргеликте өзүбүздүн эрежелерди ишке киргиздик.
Don’t touch! Тийбегиле! Бул эреже башында сабак өтүүчү чакан бөлмөнүн айынан келип чыкты. Балдар чоң кишилерге караганда импульсивдүү келет эмеспи, илинип турган нерселерди, бизде көбүнчө дубалда өзүм Америкадан тартып келген сүрөттөр, он жыл ичинде менден билим алган балдар-кыздардын  чогуу түшкөн сүрөттөрү, англис тили боюнча республикалык  предметтик олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуларымдын айнектелген сүрөттөрү илинип турат, айрым балдар  уруксатсыз эле ушуларды кармалап, кээде жерге түшүрүп, колун айнекке тилдирип аларын бир-эки окуядан кийин түшүндүм да, окуучуларга сунуштадым.
— Балдар, мен Кумтөргө барганда канадалык адистер мага бир жакшы эле иштеген кыргыз инженер жигитти офистеги калем сапты төш чөнтөгүнө салып кеткени үчүн жумуштан айдашканын айтып беришти эле. Көрдүңөрбү, болгону жөнөкөй гана калем сап! Бирок ал дүйнөдө таанымал компаниянын мүлкү! Ошон үчүн силер да өзүңөргө тиешеси жок буюмдарга тийбегиле! — деп сунушумду өзүм уккан окуя менен бекемдедим.
Окуучуларым ушул күнгө чейин бул эрежени унутпай, жадында сактап, кынтыксыз аткарып келүүдө.
Move every day! — Күн сайын ордуңду алмаштыр!
Бул маанилүү эреже да күнүмдүк зарылдыктан жаралды. Биздин чакан класстык бөлмөдө бир эле узун үстөл бар. Аны тегеректеп он окуучу отурат. Сабакты баштаганыбызга бир айга жетип-жетпей төр жакта отургандар тапшырманы аткарууда же доскада жазылганды көчүрүп жазууда күбүр-шыбырга көбүрөөк ыкташа баштаганын байкадым. Бир жагы мен ар бир баланын кол жазмасын жакындан көргүм келди.
— Балдар, дүйнөдө бардык нерселер кыймылда болушат. Суу, шамал же азыр эмне көп машина көп, ошол машиналарды алалы, баары кыймылда! Ошондуктан силер да күн сайын орун  алмашып отургула! — дедим.
Окуучулар ошондон тарта сааттын жебеси боюнча орун алмаша башташты.
Work in pairs! — Шеригиң менен иште!
Салттуу окутуу жеке ийгиликке багытталганын баарыбыз жакшы билебиз. Ал эми гумандуу педагогика ар бир баланын шык-жөндөмү бар деп эсептейт. Экинчиден, мугалим класстагы ар бир бала менен иштөөгө чарк-чамасы да, убактысы да жетишпейт. Мугалимдик эң улуу ишимде мен балдар биз, чондорго караганда бири-бирине батыраак түшүндүрүп берерине ынандым. Жаңы сөздөрдүн окулушун үйрөнүүдө, сүйлөм, кыскача текст түзүүдө, текстти шериги менен окууда окуучулар жанындагы окуучу менен иштешүүгө өттү. Ал эми диалогдорду ролдук аткарууда бетме-бет отургандар натыйжалуу жыйынтык көрсөтүштү.
Be careful! — Абайлагыла! Окуучулар менен иштөөдө коопсуздук маселеси эң биринчи орунда турат. Мен окуу жылынын башында эле окуучуларга жолдон өтүү, автобуска чыгуу-түшүү эрежелерин, окуган бөлмөбүз орун алган үчүнчү кабатка карай кеткен тепкичтерден абайлап чыгууну эскерткем. Муну күн сайын сабак бүткөндө балдар-кыздар мугалим менен коштошуу үчүн катар тизилип турганда да кайталап айтамын. Биз, мугалимдер, эрежелерге келгенде окуучуларга кайталап айтуудан тажабашыбыз керек.
Write one more time at home! — Үйдөн дагы бир жолу жазып кел! Психологдор окуучу чет тилиндеги сөздөрдү ийгиликтүү өздөштүрүү үчүн аларды он үч жолу жазышы керек дешет. Биз да  ошондой кылуудабыз, бир гана айырмасы, он үч жолу эмес, класста жазганын дептерге кайталап бир жолу көчүрүп жазып келишет. Класста болсо ушул сөздөргө жат жазуу жазабыз. Окуучулар азыр кыйла узун тексттерге жат жазуу жазып калышты. Бул да болсо, азыркы эреженин салымы деп эсептейм.

Be on time! — Кечикпе!

Бул эреже — сабакты уюштуруудагы эң башкы талаптардын бири. Мунун зарылдыгын окуучуларга өз байкоомду айтып түшүндүрдүм:
— Америкада болгонумда ал жактагы элдин бир жакшы сапатын байкадым. Аларда баары сүйлөшүп алгансып беш мүнөт калганда кирип келишет. Эч күттүрбөйт. Биз да ушуга үйрөнөлү, — дедим.
Окуучулар колдошту. Бул эреже бизде ушул күнгө дейре жашап келүүдө.

Never give up! — Баштаган ишиңерди эч качан таштабагыла!

Англис тили дүйнөлүк байланышуу тили катары окуучудан тилди үйрөнүү каалоосунан тышкары, системалуу эмгекти, талбаган аракетти, өжөрлүктү, чыгармачылык мамилени талап кылат. Айрымдар кызыгуусу таркаганда же бир аз кыйнала түшкөндө баштаган ишин таштап коюшу мүмкүн. Мына ошондуктан чет тилин окутууда окуучуларга дем берүү да чоң мааниге ээ. Буга мен Англиянын Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы Премьер-министри Уинстон Черчилль өрнөгүн мисал келтирдим.
— Уинстон Черчилль офицерлердин бүтүрүрүү кечесинде абдан кыска сөз сүйлөгөн. Ал аскер кызматына киришип жаткан жаш офицерлерге кайрылып: «Баштаган ишиңерди эч качан таштабагыла!» деп айткан.
Уинстон Черчиллдин айтканы бүгүндөн жаңы мааниге ээ болду — Англис тилин да үйрөнө баштадыңбы, анда аны эч таштаба!

Be greatful! — Ыраазы болуп жашагыла!
Айрымдардын «Тарбия бул үй-бүлөнүн иши, биздики — билим берүү» дегени таптакыр туура эмес. Мугалимдин сабакка жарашыктуу кийинип келгени, сабырдуулугу, токтоолугу, балдар-кыздарга жасаган мээримдүү мамилеси деле тарбия. Ошон үчүн билим берүү менен тарбияны эч качан бири-биринен бөлүп карай албайбыз. Экөө ар убак эриш-аркак жүрөт.
— Балдар, биз таттуу коонду жеп жатып, ошону өстүргөн баба дыйканга ыракмат айтууну унутпашыбыз керек. Ушундай эле ыраазычылык сөздөрүн ата-энеден, бизге билим берген мугалимден, өзүбүздүн мекенибизден аябайлы, — дейм.
Балдар макул болушат. Чындыгында эле кимге болбосун ‘Thank you for your lesson!» «Сабагыңыз үчүн ыракмат!’ дегенди угуу зор сыймык болсо керек.
Эмесе, окуучуларыбыздан ушундай ыраазычылык сөздөрүн угууга чамдайлы, кесиптештер!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер