КИТЕП ОКУУ — АКЫЛДЫН БУЛАГЫ

  • 17.10.2024
  • 0

Ош шаарындагы №37 Гапар Айтиев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Элнура Алекова уюштурган «Китеп окуу — акылдын булагы» аталышындагы китеп окуу сынагы жыйынтыкталды. Бул сынак «Жоголгондордун жан сыры» китебинин негизинде өткөрүлдү, автору якут жазуучусу Нина Дьячковская, кыргызчага Кыялбек Акматов которгон.

КИТЕП ОКУУ - АКЫЛДЫН БУЛАГЫ

Маалыматка ылайык, республика боюнча өткөн сынактын катышуучуларынын жашы чектелген эмес.

КИТЕП ОКУУ - АКЫЛДЫН БУЛАГЫ

— Жыйынтыгында Баткен районундагы Шарап Токсонов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Иралиева Мамлакат 1-орун — 20000 сом баш байгени жеңип алды. “Китеп — өмүрдүн ыраакы жана караңгы жолунда адамга нур тартуулаган, жомоктогудай шам чырак” (А.Упит). Уюштуруучуларга, китепти алып окуган окурмандарга, конкурска активдүү катышкан бардык китеп сүйүүчүлөргө ыраазычылык билдиремин, — дейт Э.Алекова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер