“КИТЕП АДАМДЫ, АДАМ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ”

  • 24.04.2019
  • 0

23-апрель – эл аралык китеп жана автордук укук күнүнө карата Бишкек шаарындагы №86 мектептин директору Саламат Көлбаеванын демилгеси менен китепканачылар үчүн шаардык семинар өттү. Анын максаты – китепканачылар арасында тажрыйба алмашуу, электрондук китепкана менен тааныштырууну көздөдү.

“КИТЕП АДАМДЫ, АДАМ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ”

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда жайгашкан №86 мектеп алыс жактан эле өзгөчөлөнгөн архитектурасы менен кишини өзүнө тартып турат. Айлана-чөйрөсүнө ар түрдүү бак-дарактар отургузулган. Ал эми мектептин  коридорлору, дубалдары башка мектептерден айырмаланып башкача нукта жасалган.  Дубалдарында өлкөнүн символикаларынан сырткары колдон жасалган ар кандай панолор, чий куурчактар көздүн жоосун алат. Китеп күнүнө карата арналган иш-чара болуп жаткандыгына байланыштуу мектептин экинчи кабатында китептердин ар кандай көлөмдөгү макеттери коюлган.

“КИТЕП АДАМДЫ, АДАМ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ”

Иш-чараны ачып жатып, мектеп директору Саламат Көлбаева китептин мааниси, китеп окугандан кийин окурманда пайда болгон жакшы сапаттар, китепти кантип туура окуу керек боюнча оюн айтты.

  • Китепканачылар — китептин баркын билген баалуу окурманга жеткирген акыл инсандар. Китепсиз жашоо жок. Китепканачыларды дагы мугалимдер деп айтсак болот. Өз милдетиңер менен элдерди өзүңөргө тартып аласыздар. Бүгүнкү иш-чарадан тажрыйба топтоп, куржунуңарды толтуруп кетет деген ишеничтемин. Биздин негизги максат – балдарга билим берүү. Мугалим билимин кайсы жерден өркүндөтөт? Албетте, китепканадан бардык маалыматтарды алат. Максатыбыз – китепкананын ишин жакшыртуу. Бизге коюлган талаптарды толук ишке ашырсак, биз сапаттуу, жакшы билим берген мекеме боло алабыз. Мектепке болгону 14 жыл болду. Ал эми жаңы мектепке киргенибизге эки жыл болду,  — деди директор.

Андан соң сөздү Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын китептер боюнча башкы адиси Роза Джуматаева алып, китеп балдар үчүн абдан маанилүү экенине токтолду.

  • Бул семинарды башынан аягына чейин №86 мектептин директорунун демилгеси менен даярдалды. Бул мектепте мыкты жаш кадрлар иштешет. Окуу китептеринин жетишсиздигинен айрым окуу китептери электрондук форматка киргизилген, — деди башкы адис.

Келген конокторго мектеп тууралуу чакан тасма көрсөтүлдү. Андан кийин мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Курманбеков “Мектепте китепканачынын маалымат мейкиндигин уюштуруудагы ролу” тууралуу чакан доклад окуду.

  • Заманбап мектепти китепканасыз, квалификациялуу адистерсиз жана заманбап технологияларсыз элестетүүгө мүмкүн эмес  жана сапаттуу билимге  жетишүүгө өз таасирин тийгизет. Улуттук билим берүү программасын ишке ашырууда билим берүүнү жаңылоо алдыңкы орунду ээлейт. Интернет-технологиялардын мектепке келиши, анын билим берүү максаттарын да өзгөрттү. Эми ал максаттар негизинен окуучулардын калыптанышына жана өз алдынча изденүү, анализдөө жана маалымат алуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.

Ооба, мектеп китепканалары ар дайым билим берүүдө ресурс базасы болуп келген.  Ар бир мектеп  китепканасынын эң негизги милдети — окуучуларга жана мугалимдерге окуу-тарбия процессинде көмөк көрсөтүү. №86 орто мектебинин китепканасынын жалпы фондунда көркөм адабий, методикалык, балдар адабиятынын жана окуу китептери болуп 15000 жакын нускада китеп бар.

Мектеп китепканасы окуу процессин, окуучулардын китеп окуусун гана камсыздабастан, бүгүнкү күндө окуучулар, мугалимдер үчүн маалымат борбору, ресурстук база болушу шарт. Мисалы, колго кармап окуган китептерден сырткары электрондук китептер, аудио, видеоматериалдар дагы окурмандардын талабына шайкеш келиши керек.  Жогорудагы максатты ишке ашыруу үчүн атайын демөөрчүлөрдүн жардамы менен 2018-2019-окуу жылынын башында электрондук китепкана салтанаттуу түрдө ишке киргизилген.

Китепканачы маалымат ресурстары менен мугалимдин татаал суроо-талаптарын чечип берүүчү ортомчуга айланып калды. Себеби китепкананын базасында турган бардык материалдар китепканачынын көз алдында болуп,  окурмандардын талаптарын тез арада чечип берүүдө, — деди директордун орун басары.

Билим берүү уюмунун негизги максаты – китепкананы  компьютерлештирүү же азыркы термин менен айтканда санариптештирүү.  Мында илимий, көркөм, адабий, балдар ж.б. жанрына карата каталогдорду түзүү менен өтө ыңгайлуу шартты түзүү болмокчу.  Китепканада  ар бир класстын өзүнчө каталогу түзүлүп, 2000 жакын окуучунун китеп алып окуу жана кайра өткөрүп берүү карточкалары уюштурулган.

  • Китепкана маалымат борбору гана болбостон толеранттуулуктун, өнүгүү үчүн ыңгайлуу чөйрө, баарлашуу, психологиялык колдоо, руханий маданияттын да борбору болушу керек. Ошону менен катар педагог үчүн тынч, иштөөгө эч тоскоолдук болбогон өтө маанилүү орун – китепкана болуп саналат. Мугалимдердин педагогикалык чыгармачылыгын арттыруу максатында ар кандай тематикадагы усулдук жардамдар боюнча китепканачы маалымат берип, алдыңкы чыгарылган мугалимдер үчүн колдонмолор менен тааныштырып турат.

Мектептеги ар бир иш-чаралар, мугалимдик кеңешмелер, семинарлар, усулдук бирикмелердин чогулуштары, олимпиада жана сабактардын жумалыктары китепканадан башталат. Окуу жылы ичиндеги ар кандай олимпиадаларда, райондук, шаардык кароо- сынактарда китепкананын болгон мүмкүнчүлүгүн пайдалануу менен мактанарлык ийгиликтерге жетишип келебиз. Китепканадан түзүлгөн графикке ылайык китептерди алып кетип жана окуу залында окуган окуучуларды көрүп кубанбай койбойсуң. Орто эсеп менен алганда күнүгө 30-40 окуучунун китеп алганын көрүп, окуучулардын китеп окууга болгон ынтызарлыгын сезесиң, — деди өз сөзүндө Ж.Курманбеков.

XXI кылымда окутуу, билим берүү бир адам экинчисине берип коюучу эстафета таякчасы эмес, бул баарынан мурда окуучуга өз алдынча, активдүү, чыгармачылык менен билим алуусуна шарт түзүү.

Бардык өлкөлөрдө китепкананын китеп менен тейлөө кызматы эмес, креативдүү, чыгармачылык менен иш алып баруучу интеллектуалдык борбор катары алдыңкы планга чыкты. №86 мектептин  китепканасында аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү концепциясында көрсөтүлгөндөй, окутуу процессин камсыздоо үчүн интернет булактарына ар бир окуучунун кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондуктан ар бир китепканачы маалымат маданиятын калыптандыруунун, санариптештирүүнүн ыкмаларын билүүнүн жана маалымат топтоо жөндөмдүүлүктөрүн арттыруунун үстүндө иш алып баруулары зарыл экенин докладчы баса белгиледи.

“КИТЕП АДАМДЫ, АДАМ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ”

Мазмундуу докладдан кийин “Китеп – кылым мурасы” аттуу окуучулардын иш-чарасы кыргыз жана орус тилдеринде өттү. Окуучулар “билгендерге китепканачы улуу кесип, билим азыгын окуучуларга карматкан, аруулукка ачат эшик. Китеп менен көптү билет бөбөктөр, үйдө олтуруп, аалам менен жер көрүп, бардыгына китеп өзү себепкер” дешип, биринен экинчиси калбай мыкты дикция менен ырларды такалбай жатка айтышты. Ошондой эле  окуучулар китепке болгон мамилени, сүйүүнү сценка кылып көрсөтүштү. Китеп окуганда жөн гана окуп койбостон, колду таза жууп, китепти таза кармоо боюнча чакырык жасашты. Ушул эле окуучулар телефонду чукулап отурган кызды китеп дүйнөсүнө саякатка алып чыгышты. Китеп канчалык кызыктуу экенине ынандыра алышты. Ар бир сценкадан кийин мектептин музыкага шыктуу окуучулары мыкты ырлардан созолонтушту. Орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдери Назарбекова Гүлмира, Сагынбаева Жылдыз жана башталгыч класстын мугалими Айылчиева Венера окуучуларды жогорку деңгээлде даярдашканын айтып кетүү абзел.

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата аталган мектептин бардык кабинеттерине видеокамера орнотулган. Ошондуктан иш-чаранын катышуучуларын ар бир кабинетти кыдыртпай эле, ошол жерден он-лайн режиминде  ата-энелер балдарына жомок окуп берип жатканы көрсөтүлдү. Алсак, 3-“в” классынын окуучусу Артыкова Аймээримдин апасы Алымкулова Альбина “Хан дарбыз” деген жомокту балдарга окуп берсе, 3-“и”  классынын окуучусу Мамбетжанова Айбийкенин атасы Укушев Мирланбек “Корооздун таажысы неге кызыл?” деген жомокту балдарга окуп берди.

“КИТЕП АДАМДЫ, АДАМ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ”

Кызыктуу иш-чаранын соңунда “Китеп дүйнөсүнө саякат” деген интерактивдүү оюндар уюштурулду. Биринчи китеп кайдан чыккан, эң көп окулган китеп кайсы ж.б.у.с. суроолор семинардын катышуучуларына берилди. Туура жооп кайтаргандарга белекке китеп тапшырылды.

“КИТЕП АДАМДЫ, АДАМ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ”

Семинардын катышуучулары буга чейин бир топ иш-чараларга катышып келишкенин, №86 мектеп уюштургандай семинар биринчи жолу болуп жатканын баса белгилешти. Шаардын четиндеги мектеп болсо дагы окуучулар орус тилинде дагы так сүйлөгөндөрүн, жамаат чыгармачылык менен иштешкенин айтышты. Өзгөчө он-лайн режиминде ата-энелер  жомок окуп бергендери, китепканада китептер өз өзүнчө бөлүнүп турганы, башталгыч класстын окуучуларына кооз, санитардык нормага дал келген китептердин көбү таң калтырды. Көрсө, мектепке керектүү китептерди бай ата-энелер өз ыктыяры менен сатып беришет экен.  Бул заманбап мектеп тууралуу материал гезитибиздин кийинки санында чыгат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер