КЭУНУН 70 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

  • 19.10.2023
  • 0

19-октябрда Кыргыз экономикалык университетинин Экономика жана сервис колледжинде ИИУ КЭУнун 70 жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасынын орто билим берүү мекемелериндеги академиялык мобилдүүлүктүн көйгөйлөрү” деген темада тегерек стол болуп өттү. 

Иш-чарада орто кесиптик билим берүү системасындагы академиялык мобилдүүлүктүн ролу, келечеги  талкууланып, анын актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү аныкталды. Академиялык мобилдүүлүк боюнча окутуучулар менен студенттердин алмашуусундагы потенциалдуу келишимдерди түзүү маселеси да көтөрүлдү.

Аккредитация жана сапаттуу рейтинг агенттигинин директору Токсобаева Бактыгүл, э.и.д. профессор Асановна, Көз карандысыз аккредитация, рейтинг жана сертификация институнун төрайымы, к.т.н, доцент Кошоева Бибигүл,  Кыргызстандын өнөр жай курулуш материалдарынын куруучулар профсоюзунун төрагасы Карачалов Элдияр баяндама жасашты.

Ага Баткен мамлекеттик университетинин көп тармактуу колледжинин, Талас мамлекеттик университетинин колледжи, Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин,  Кыргыз-Орус (Славян) университетинин колледжи, Бишкек архитектура жана менеджмент курулуш колледжинин, ИИМ академиясынын, КУУнун Кесиптик колледжинин, Бишкек финансы-экономикалык колледжинин, Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинин, Бишкек иновациалдык колледжинин, БМУнун колледжинин, Кыргыз авиация институнун колледжинин, Эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын профсоюздар кесиптик колледжинин, Агротехникалык колледжинин директорлору жана орун басарлары катышты. Соңунда  академиялык мобилдүүлүк жаатында мындан аркы кызматташуу боюнча колледждер менен университеттердин  ортосунда жыйынтыктар  чыгарылып, келишимдер түзүлдү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер