КЭУДА САНАРИПТЕШТИРҮҮГӨ АРНАЛГАН СТУДЕНТТИК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 07.06.2019
  • 0

Жакында Муса  Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Экономика жана сервис колледжинде орто окуу жайлар арасында «Экономиканы санариптештирүү жана анын аймактарга тийгизген таасири: студенттердин кѳз карашы менен» аттуу II республикалык  илимий-практикалык студенттик конференция болуп ѳттү.

Иш-чара «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына, университеттин  ректору Т.Камчыбековдун жана проректору К.Атышовдун 70 жылдык мааракесине арналды. Конференция «Кыргызстандын ѳнүгүүсүндѳ  санариптештирүүнүн тийгизген оӊ жана терс таасири», «Санариптештирүүнүн жана жаӊылануунун келечектеги кѳз карашы», «Маалымат жана байланыш технологиялардын орто окуу жайларда колдонулушу» деген үч секцияда иш алып барып, экономиканы глобалдаштыруу, улуттук экономиканын чектерин бурмалоо, жаңы экономикалык жактан зоналардын жана жалпы экономикалык мейкиндикти түзүү жана иштөө, интернет-технологияларын активдүү иштеп чыгуу, уюлдук аппараттардын булагын, коомдук тармактарды терең жайылтуу деген сыяктуу бир катар маселелер каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар жана дипломдор ыйгарылды. Бул тууралуу ЭжСКнин окутуучусу Абыкеева Жыпаркуль маалымдады.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер