КЭУ ШВЕЙЦАРИЯ МЕНЕН КОШ ДИПЛОМ БЕРИП БАШТАЙТ

  • 19.06.2018
  • 0

Кыргыз экономикалык университети Монтредеги Швейцария бизнес мектеби менен бирге бакалавр жана магистр программалары боюнча кош диплом берип баштайт.

Бул жылы Швейцария Билим берүү жана илим министрлиги  М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин билим берүү стандарттарын Швейцариянын жогорку окуу жайларынын билим берүү системасына ылайык деп табып, кош диплом берүүнү ишке ашыруу келишимине кол койду.  Эми студенттер КЭУнун  жана Швейцариянын бизнес мектебинин дипломдорун алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Окутуу орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.  Бул кош диплом бүт дүйнөдө таанылат.

Мындан тышкары КЭУ Эрасмуз+ LMPT долбоорунун «Кесиптик бакалавр жана магистрдик программалардын негизинде туруктуу туризмди долбоорлоо жана өнүктүрүү» боюнча Италия, Греция, Болгариянын жана Россиянын беделдүү окуу жайлары менен бирдикте эки программа боюнча кош дипломдуулукту ишке ашырууну пландаштырууда. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.

Джусупбекова Нурпери, «Кут Билимдин» практиканты

Бөлүшүү

Комментарийлер