КЭУ ИИУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛДЫ
- 14.09.2023
- 0
М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУ жыл сайын активист студенттери үчүн Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдө эс алуу уюштурат.
Бул салт быйыл да сакталып, 2022-2023-окуу жылында активдүүлүгүн ар тараптуу көрсөткөн студенттерге 8-11-сентябрь күндөрү “Барчын” эс алуу жайында энергия топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бул сапар окуу жай боюнча миңдеген студенттер арасынан жүзгө жакыны KEU club, Enactus KEU, “Альфа”, “Дельта”, “Гамма”, “Бета” өңдүү студенттик бирикмелердин мүчөлөрү, Экономика жана сервис колледжинин активисттери суурулуп чыкты.
КЭУнун окуудан тышкаркы проректору Айгүл Нурматова көлдөгү эс алууну эсте калгыдай тимбилдингдер менен коштоп берди. Өз учурунда студенттер суйүктүү окуу жайынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, бул күндөр студенттик кезинин эң кызыктуусу болгонун, эс алуу курсташтарын дагы жакындан таанып-билүүгө, байланышты бекемдегенин жакшы мүмкүнчүлүк экендигин баса белгилешти.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер