КЭУ ИИУ ЭКИ НААМГА ТАТЫДЫ
- 07.06.2023
- 0
«ENACTUS — 2023» улуттук жаштар ишкерлик сынагынын финалдык иш-чарасына 25тен ашык университеттин командалары инновациялык, уникалдуу долбоорлорун көрсөтүп, ата мекендик кубок үчүн күч сынашты.
Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин командасы беш номинациянын ичинен эки: «Жылдын мыкты бизнес-насаатчысы» жана «Жылдын ачылышы» сыйлыгына татыктуу болушту.
Сынатка аталган окуу жайдын командасы “НАН_ҮЧҮН_ГАНА” нан калдыктарын ири жана майда малдар үчүн тоютка кайра иштетүү долбоорун ишке ашырды. Бул продукт адатта ыргытылган же таштандыга айланган нан калдыктарын натыйжалуу пайдаланууну сунуштады.
Нандын калдыктарын кайра иштетүүнүн бир катар артыкчылыктары болуп, биринчиден, ыргытылган тамак-аш калдыктарынын санын азайтууга жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга мүмкүндүк берет. Экинчиден, бул ресурстарды эффективдүү пайдалануу болуп саналат. Анткени нан калдыктары малды керектүү азыктар менен камсыз кыла ала турган толук тоютка айландырылат.
Ар бир долбоор студенттердин жана алардын бизнес-кеңешчилеринин элдин жашоосун жакшыртууга, экологияны сактоого жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бир жылдык ишинин жыйынтыгы болду. Бул эстен кеткис аянтчада жаш ишкерлер өз өнөрлөрүн, чыгармачылык жана эмгекчилдиктерин көрсөтүштү.
Комментарийлер