КЭУ ДА КОНСТИТУЦИЯ ТАЛКУУЛАНДЫ
- 19.04.2023
- 0
Кыргыз экономикалык университетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган «Эгемен Кыргызстан: жаштар жана заманбап чакырыктар» — темасындагы эл аралык, ОКОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
Конференциянын максаты — Конституциясынын ролун жана анын маанисин, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн, азыркы Кыргызстандагы көйгөйлөр жана келечекке болгон көз караштарын талкуулоо.
Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстандагы экономикалык жана саясий-укуктук процесстер, мамлекет менен бийликтин, коомдун жана инсандын актуалдуу маселелери: жаштардын көз карашы, санариптик мейкиндикте жаштардын социалдык жигердүүлүгү, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү, Кыргызстандагы туризмдин көйгөйлөрү жана келечеги, студенттик өзүн-өзү башкаруу жана жаштардын кесиптик карьерасын башкаруу, коомдук тамактануу тармагындагы өндүрүштүн инновациялык технологиялары, жаштар жана ишкердик темалары талкууланды.
Иш-чарага Кыргызстан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышып, докладдарында ойлорун ачык билдиришти. Конституциядагы жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү тармактарга талдоо жүргүзүштү.
Конференциянын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар, илимий жетекчилерге баяндамалардын ыраазычылык каттары тапшырылды.
Комментарийлер