КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН САНЫ КӨБӨЙӨТ

  • 22.05.2023
  • 0

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН САНЫ КӨБӨЙӨТ

Быйыл мурда жабылып калган бир кесиптик лицей кайра кайтарылып, жакынкы жылдары дагы бир канчасы ачылат. Бул тууралуу 16-майда өткөн “Сапаттуу кесиптик окутуу жана билим берүү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи” аттуу эл аралык форумда айтылды.

Иш-чарада Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүнкү күнү өлкөдө жүзгө жакын кесиптик техникалык окуу жай болсо, алардын арасында алдыга кеткендери да, артта калгандары да бар экендигин айтып, буюрса, жаңы мыйзам долбоору кабыл алынса, кесиптик окуу жайлар толук чарбалык, каржылык көз карандысыздыкка ээ болуп, өнүгүүгө чоң мүмкүнчүлүк аларын баса белгиледи. Келечекте Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жыйырмага жакын колледж, лицей салынат. Буга чейин Кыргыз-Түрк лицейи гана болсо, Кыргыз-Россия, Кыргыз-Кытай, Кыргыз-Индия, Кыргыз-Корея сыяктуу биргелешкен лицейлерди ачуу пландалууда.

ТАПКАН  КАРАЖАТТЫН 70 ПАЙЫЗЫ ОКУУ ЖАЙДА КАЛАТ

ашталгыч кесиптик билим берүү системасына жылына Өкмөттөн бир миллиард сегиз жүз миллион сом бөлүнөт. Көп угулганы менен бул каражаттын 87 пайызы лицейдеги окутуучулардын эмгек акысын жабууга жумшалат. Ошол себептен өз алдынча чарба жүргүзүп, өздөрүнүн өнүгүүсү үчүн аракет кылып, каражат таап, материалдык-техникалык базасын жакшыртып, окуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Бул үчүн ЖК депутаттары мыйзам долбоорун сунуштап, ал биринчи окуудан өттү.

Жогору Кеңештин төрагасынын орун басары Нурлан Азыгалиевдин айтымында, отуз жыл аралыгында кесиптик лицейлерге толук кандуу колдоо көрсөтүлгөн жок. Азыркы мыйзам долбоорунда камтылган өзгөртүүлөр аларга да, мамлекетке да чоң жеңилдик алып келет. Алар айыл жергесин өнүктүрүүгө жардам берет жана ишмердиктин өсүшүнө көмөк көрсөтөт. Мунун натыйжасында, иш орундары түзүлө баштайт, жумушсуздук азаят. Жалпысынан, кесиптик лицейлер финансылык туруктуулукка жетишип, айыл жаштарын ишмердикке тартуунун борбору болуп калат.

– Ааламдашкан доордо түрдүү адистиктер менен катар жаңы багыттар, жаңы чакырыктар көбөйүүдө. Доор өзгөргөн сайын жаңы кесип ээлерине муктаждык жаралып, жаңы адистер керек болорун турмуш өзү көрсөттү. Азыр жаштар кыска убакыттын ичинде кесип алып чыгууну кыялданат. Ошондуктан кесиптик лицейлерди өнүктүрүп, мезгил талап кылган адистерди даярдоо керек. Баарыңыздар билгендей, Жогорку Кеңеш билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп, маанилүү демилгелерди, алгылыктуу реформаларды ар дайым колдоп келет. Жакында эле кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору сунушталып, биринчи окуудан өттү. Албетте, мыйзам долбооруна кошумча сунуштар болсо, демилгечилер угууга даяр, — дейт Нурлан Азыгалиев.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, кесиптик лицейлерге өз алдынча ишмердүүлүк жүргүзүүгө гана жол ачылбастан, кыска аралыкта мамлекеттин өнүгүшүнө да эң чоң пайда алып келет деген ЖК депутаты Камила Талиева азыр эң керектүү кесипке кыска мөөнөттө даярдоо эң башкы милдеттердин бири болуп жатканына токтолду.

– Азыр эл аралык деңгээлдеги долбоорлор менен иштөөгө жакшы шарт түзүлгөндүктөн, башка мамлекеттер менен биргелешкен окуу жайлардын санын көбөйтүү мезгил талабы. Башталгыч кесиптик билим берүү тармагына көбүрөөк көңүл бурулса, алардын потенциалы жогору. Мурда 120дан ашуун кесиптик-техникалык окуу жай болсо, учурда жүздүн тегерегинде калды. Кайрадан күчтөндүрүп, окуу жайлардын санын өстүрүшүбүз керек. ЖК тарабынан кандай жардам керек болсо колдойбуз, — деди депутат.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН САНЫ КӨБӨЙӨТ

ИШКАНАЛАР ЛИЦЕЙЛЕР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА ДАЯР

ыргыз Текстилдин” директору Учкун Ташбаев кесиптик лицейлерде дуалдык билим берүү эффективдүү натыйжа берерин айтып, кызматташууга даяр экендигин билдирди. Себеби өткөн жылдын ноябрь айынан бери “Кыргыз Текстил” Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Колледжи менен кызматташып, жакшы жыйынтыктарга жетишүүдө. Учурда окуучулары сапатты биринчи орунга койгон “Вайлдберрис” компаниясынын талаптарына жооп берген кийимдерди тигүүгө жетишишти.

Колледждин директору кайрылганда, биз окуучуларды дуалдык билим берүү системасында кантип окутарыбыз тууралуу көпкө ойлондук. Анан кагаз иштерине басым жасабай, тажрыйбага көбүрөөк көңүл буралы дедик. Бир гана окуу күндөрү студенттер жана окутуучулардын эртеден кечке чейин өндүрүштө жүрүүсүн талап кылдым. Биз студенттерди транспорт жана тамак-аш менен камсыз кылдык. Өндүрүштүн ичинде атайын аудитория бөлүп, теория менен практикалык ишти бирдей алып кетүүсүнө шарт түздүк. Окуучулар түшкө чейин теорияны окуп, андан кийин практика жүзүндө билим алууда. Жыйынтыгы жакшы болду. Учурда коллежден тышкары №113, №12, №16 лицейлер да кошулду. Албетте, студенттер башында майка, шортик сыяктуу жумушу аз кийимдерди тигүүдөн башташты. Азыркы тапта профессионалдык деңгээлде Вайлдберриске арналган продукцияларды тигүүдө. Андан тышкары, ар бир тиккен кийими үчүн акы да төлөнөт. Балдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти алуу да тобокелдүү иш. Кудайга шүгүр, баары жайында. Эми муну билим берүү системасына киргизип, ишке ашырсак жакшы натыйжа берет, — дейт Учкун Ташбаев.

Учкун Азизбекович бул дуалдык билим берүү ишке ашса, студенттерди транспорт, жатакана, тамак-аш менен камсыз кылып берүүгө да даяр экенин баса белгилеп, Өзбекстандагы ири компанияларда да тажрыйба алмашууга шарт түзүлөрүн айтты. Андан тышкары, учурда ишканада 300 машинка бош турганын, миң орундуу корпуска жумушчулар керектигин, азыр Кыргыз-Россия өнүгүү фонду менен кездеме чыгаруу боюнча келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бул макулдашуулар ишке ашса, дагы кадрлар керек болот. Квалификациялуу жумушчуларга муктаждык жогору болуп жаткандыктан, лицейлерде бюджеттик орундарды көбөйтүүнү сунуштап, бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыздоого даяр экендигин баса белгиледи.

КЫЗМАТТАШТЫК МЕМОРАНДУМДАР

орумда башталгыч кесиптик билим берүү маселелери гана талкууланбастан кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга да кол коюлду. Алар: Билим берүү жана илим министрлиги менен “KASEF” коомдук фондунун ортосундагы “Worldskills” эл аралык кыймылына Кыргыз Республикасын мүчөлүккө көрсөтүү боюнча кызматташуу, Кытайдын Хэнань университетинин алдындагы “Жибек-Жолу институту” жана Кыргыз улуттук университетинин ортосунда IT технологиялар, машина куруу жаатында өз ара Түшүнүшүү жөнүндө меморандум, “Техно Премьер” ЖЧКнын ортосундагы транспортту техникалык пайдалануу чөйрөсү жөнүндөгү макулдашуу, “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧКнын ортосунда жеңил өнөр жай чөйрөсүндө социалдык өнөктөштүктү күчөтүү жөнүндө мемориандум.

Маалымат үчүн:

Бүгүнкү күндө республика боюнча кесиптик лицейлерде 32 миң 700 окуучу билим алат. Анын жарымы, б.а. 14 миң 200 бюджеттик негизде окуйт. Жылына 23 миң 500 квалификациялуу адис даярдалып, анын 65 пайызы жумуш менен камсыз болот. Билим берүү системасынын бир бөлүгү болгон башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги максаты эмгек рыногунун талабына шайкеш квалификациялуу кадрларды даярдоо болуп эсептелет. Башталгыч кесиптик билим берүү системасы өзүнүн 80 жылдык тарыхында бир миллион 300 миңден ашуун кесипкөй куруучуларды, ширетүүчүлөрдү, тигүүчүлөрдү, ашпозчуларды, трактористтерди даярдады. Бүгүнкү күндө ошол адистер Бишкек шаарынын жана республикалык курулуштун жаңылануусуна, жеңил өнөр жай, айыл чарба жана инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө чоң салым кошууда.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер