КЕСИПТИК БИЛИМ: ЖАҢЫРГАН СТАНДАРТ, ЖАҢЫ ТАЛАП

  • 07.03.2024
  • 0

Кесиптик лицейлерде эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө жараша жаңы кесиптерди жана көндүмдөрдү үйрөнүшүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жылдык отчёттук коллегиясында айтылды. 

КЕСИПТИК БИЛИМ:  ЖАҢЫРГАН СТАНДАРТ, ЖАҢЫ ТАЛАП

Президенттик IT лицей 

IT багытында баштапкы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү максатында Бишкектеги №99 лицейге өзгөчө статус берилип, Президентке караштуу маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи деп аталды.

Өзгөчө статустун алкагында, аталган лицей билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга, билим берүүдөн, окуу-өндүрүштүк жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштен киреше алууга,  көзөмөлчүлүк кеңеши менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө, тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана башка артыкчылык укуктарга ээ болот.

Окуу жай негизинен киберкоопсуздук, вебкоопсуздук, тиркемелерди иштеп чыгуу багыттары боюнча иш алып барат. Бул үчүн Кыргызстандагы 2000 ашык IT компанияны бириктирген «Жогорку технологиялар паркы» менен кызматташууда.

 

Дуалдык билим

2022-жылы башталгыч кесиптик билимдин мамлекеттик стандартынын макети жаңыртылды. Ага ылайык, көпчүлүк адистиктер боюнча окуу мөөнөтү үч жылдан эки жылга чейин кыскартылды. Дуалдык окутуу программалары менен иштеген окуу жайлар 94 кесиптик лицейдин ичинен 42% түздү. Сексен ишкана-мекеме кызматташууга тартылды.

Москва районундагы №28 кыргыз-орус лицейинде тракторист, ширетүүчү, темир уста, слесарь, бычмачы, тигүүчү, ашпозчу, чач тарач ж.б. айыл чарба багытындагы 16 жана IT адистиги боюнча да дуалдык окутуу болуп келатат. Лицейдин директору Наталья Нелинанын айтымында, дуалдык билим окуучуларга жашоонун реалдуулугуна көнүүгө мүмкүнчүлүк берет. №28 лицей 15 ири жана чакан компаниялар менен кызматташууда.

Окуучулар өндүрүштө алган теориялык билимин өндүрүштө бекемдейт. Окууну аяктаганча такшалып калгандыктан ишке орношууда кыйналбайт. Аларга суроо-талап көп болот. Керек болсо, бул лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү чет жакка чейин чыгып кетүүдө.

 

100 пайыз ишке орношот

Жүз лицейдин токсон төртүндө чоңдорду, калкты иш менен камсыз кылуу борборлорунун каражаттарынын эсебинен, иш берүүчүлөрдүн жана каалоочулардын эсебинен окутат. 2023-жылы кыска мөөнөттүү офлайн курстарда  16 жаштан жогорку 10718 адам билим алган.

Калктын жумушсуз катмарын кыска мөөнөттө кесип менен камсыз кылуу программасын Бишкек шаарындагы № 100 кесиптик лицейи да ийгиликтүү ишке ашырууда. Окуу жайдын директору Индира Куралбекованын айтымында, бүгүнкү күнү кесиптик окуу жайлардын кадыры өсүүдө. Эмгек рыногуна көз чаптырсак, бардык жерде ашпозчу, кондитер, ширетүүчү, сантехниктер талап кылынат деген өңдүү тейлөө тармагындагы адистиктерине суроо-талап жогору.

Ошондуктан  жогорку окуу жайын аяктаган бүтүрүүчүлөр да келип, эмгек рыногу талап кылган кесиптерде окуп жатат. Уч жылдан бери окуу жайда 400 ашуун адистер даярдалды.  Окуу жай бир гана билим бербестен, жумуш менен камсыз кылууда ийгиликтүү иштеп жатат. Бул максатта өлкөдөгү курулуш компаниялары, Энергетика министрлиги, энергетика компаниялары, ЖЭБ, ири жана чакан курулуш ГЭСтери ж.б менен кызматташууда. Бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү 100% жумуш менен камсыз болот. Эмгек акыны биринен-бири жогору айтып, бүтүрүүчүлөрдү бөлүп алып кеткен учурлар көп кездешет.

№100 лицейдин  электромонтаждоо адистиги боюнча эки айлык курсун ийгиликтүү аяктагандардын бири Бакыт Бейшембаев. Ал  кесиби боюнча прикладдык математика жана информатика мугалими. Буга чейин кароолчу, таксист, куруучу, сатуу агенти, тиричилик техника ондоо ж.бб жумуштарда иштеген. Окуну аяктап, компьютерди оңдоо багытындагы жумушка орношту.

  • 100 лицейдин мугалимдери өтө күчтүү, өз кесибин мыкты билгендер экен. Мисалы, мен электромонтаждоону үстүртөдөн билчүмүн. Бир ай теория, бир айдан ашык практика өткөндөн кийин дагы да тереңирээк деңгээлде билип калдым. Билимди тиричиликте колдонсоң деле жаман эмес да. Бул менин биринчи окуган курсум эмес. Билим алуунун эрте-кечи жок, дайыма изденип, заман талабына ылайык көндүм, билимге ээ болуп турганды колдойм. Себеби ар бир окууну аяктаган сайын ой жүгүртүүң өзгөрүп, билим куржунуң кеңейет. Атактуу ишкерлер, байлар, психологдор “билим алгыла” деп бекер айтпаса керек, — дейт Бакыт Бейшембаев.

 

КЕСИПТИК БИЛИМ:  ЖАҢЫРГАН СТАНДАРТ, ЖАҢЫ ТАЛАП

Онлайн курстары

Мындан сырткары, онлайн форматта санариптик сабаттуулук, баштапкы компьютердик сабаттуулук, финансылык сабаттуулуктун негиздери, жашыл көндүмдөр, Pyton, санариптик программалар, графикалык видео контентти түзүү жана иштетүү технологиясы, коммуникация, ишкердиктин негиздери, лидерлик, базалык компьютердик көндүмдөр, электротехник, 1С бухгалтерия, инвестицияны башкаруу багыттары боюнча микрокурстар иштелип чыкты. Бул үчүн https://academy.inaqa.com/ сайтына кирип, катталуу гана жетиштүү. Ар бир модуль видео түрүндө көрсөтүлгөн, колдонуучу киргенден чыкканга чейинки процесстин баары видеодо көрсөтүлгөн.  Курстардын өзгөчөлүгү — онлайн форматта 24 саат бою жеткиликтүү. Бардык жарандар чет жерде жүрүп же үйдөн чыкпай эле ноутбук же уюлдук телефондун жардамында окуй алат. Колдонуучу гипер насаатчынын жардамында жооп алып турат. Курсту аяктагандан кийин кадимкидей онлайн экзамен тапшырып, электрондук сертификат алат.

КЕСИПТИК БИЛИМ:  ЖАҢЫРГАН СТАНДАРТ, ЖАҢЫ ТАЛАП

WORLDSKILLS INTERNATIONAL ЧЕМПИОНАТЫ

20-22-февралда Бишкек шаарында кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары арасында ашпозчулук, ширетүүчүлүк, мода технологиясы адистиктери боюнча биринчи улуттук чемпионаты өттү. Жеңүүчүлөр 2024-жылдын 14-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка катышууга жолдомо алды.

Ашпозчулук багыты  боюнча жеңүүчү аталган Аяна Абдиталипова улуттук чемпионатта үч тамактын түрүн жасаганын,  мыктылардын арасынан алдыга озуп чыгарына ишенбегенин айтып, дүйнөдөгү алдыңкы окуучулар менен күч сынашууга азыртадан даярданып баштаганын билдирди.

  • Учурдагы абалымды сөз менен жеткире албайм, ушунчалык башкача сезимдер курчап турат. Бизге балык менен иштерибиз алдын ала айтылгандыктан, даярданууга убакыт болду. Колумдан келишинче жакшы жасаганга аракеттендим. Көп кыйналган жокмун. Убакытым кенен болду. Алдыда Францияда өтө турган чемпионатка даярданабыз. Мойнумда чоң жоопкерчилик бар экендигин сезип турам. Чет жерден да жакшы ийгиликке жетем деген ниеттемин, — дейт жеңүүчү.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер