Кесипти, жумушту жана келечегиңди бир күндө танда – АЭУ AIU FEST 2026 чакырат

  • 08.04.2026
  • 0

“Ала-Тоо” Эл аралык университети жана IT & Business колледжи 9-11-класстын окуучуларын, студенттерди, ата-энелерди жана билим берүү менен карьералык мүмкүнчүлүктөрдү издеп жаткан бардык каалоочуларды 2026-жылдын 18-апрелинде саат 10:00дөн 17:00гө чейин өтө турган AIU FEST 2026 ири иш-чарасына чакырат. Иш-чара университеттин аймагында өткөрүлөт.

Кесипти, жумушту жана келечегиңди бир күндө танда – АЭУ AIU FEST 2026 чакырат

AIU FEST 2026 – бул бир күндүн ичинде билим алуу, келечектеги кесип тандоо жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу максималдуу маалымат алуу, ошондой эле студенттик жашоонун атмосферасын сезүү мүмкүнчүлүгү.

Бул ачык эшиктер күнү менен карьера жарманкесин бириктирген уникалдуу аянтча. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар университет менен таанышып гана тим болбостон, өлкөдөгү иш берүүчүлөр менен түздөн-түз баарлаша алышат.

Абитуриенттер билим берүү программалары, кабыл алуу шарттары, жеңилдиктер жана студенттик жашоо тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышат. Алар окутуучуларга түз суроолорду берип, келечектеги кесибин тандоодо туура багыт ала алышат.

Ошол эле учурда фестивалдын аянтчасында өлкөнүн ири иш берүүчүлөрү катышып, катышуучулар алардан түздөн-түз стажировкалар, бош жумуш орундар жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат ала алышат, ошондой эле пайдалуу кесиптик байланыштарды түзө алышат.

Конокторду кызыктуу шоу-программа күтөт: белгилүү артисттердин номерлери, интерактивдүү оюндар, белектер менен квесттер, ошондой эле 23 өлкөнүн салттары жана улуттук тамак-аштары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген маданият фестивалы өткөрүлөт.

Иш-чарага катышуу – акысыз.

Өтүүчү жери: Бишкек шаары, Тунгуч кичи району, Анкара көчөсү 1/8.

Байланыш номери: +996 (555) 820 000.

Электрондук почта: [email protected].

Иш-чаранын башкы демөөрчүлөрү:
“Coca-Cola İçecek Kyrgyzstan”, ЗАО “Шоро” жана ЗАО “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк”.

Расмий демөөрчүлөр: МКК “Байлык Финанс” жана ОсОО “Forvis Mazars”.

Катталуу жана кеңири маалымат алуу үчүн шилтемени басыңыз.

Күндү пайдалуу өткөрүп, университет менен таанышып, ийгиликтүү келечегиңизди курууну бүгүнтөн баштаңыз!

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер