«Кесибим жана миграция» сынагынын жеңүүчүлөрү
- 26.11.2024
- 0
Москвадагы Кыргыз диаспора кеңешинин билим комитети “Кут Билим” медиа борбору менен биргеликте Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз мугалимдер арасында уюштурган “Кесибим жана миграция» аттуу дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Миграцияда эмгектенип жүргөн мугалимдердин өз кесибине кайтуусуна өбөлгө болуу жана кызыгуусун арттырууга көмөктөшүү максатында уюштурулган сынакка жалпы 50дөй дилбаян келип түштү. Арасынан бешөө мыкты деп саналган дилбаяндардын катарына кирип, 1-орунду Турдиева Айгүл жеңип алса, 2-орунга Роза Адышева ээ болду. Ал эми Толкун Абдрахманова, Бакытгүл Абдылдабекова, Салтанат Жусуповалар 3-орунга илиништи.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасында кээ бир мугалимдер мектепке кайтуу ойлорун кубануу менен билдиришти. Алар жазган дилбаяндардан үзүндү окулуп, катышуучу мугалимдер эле эмес, коноктордун да жүрөгү туйлап, көздөрүнө жаш алышты. Ошондой эле Кыргыз диаспора кеңешинин Билим комитетинин жетекчиси Таалайкүл Токтобекова сынактын горизонтун кеңейтип, дүйнөнүн ар тарабындагы миграциядагы мугалимдер арасында да өткөрүүнү пландап жаткандыгын, алдыңкы дилбаяндар топтолуп, бир жыйнак блуп чыгарын белгиледи.
Мыкты деп табылган үч дилбаяндан үзүндү…
Такта
….Ордумда катып калдым. Керек эмес. Такта, менин тактам, мындай оор мигрант жашоо да мага керек эмес!.. Окуучулардан алыстаткан мугалим эмес, тазалоочу атанткан мигрант күнү мага да керек эмес, а бирок, бирок иштешим керек. Балама эмне дейм? Экөөбүз үй алалы деп жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Иштеп, үйлүү болушум керек, балдарыма үй керек. 21 жылдык мугалимдик эмгегимде балдарымдын кем-карчын жаап, эл сымак жашаганым менен үйгө жеткидей каражат топтой албадым.
Кечир мени, такта! Төрт чарчы ыйык такта! Кечир! Үстүндө үйү жок чоочун жерге акча деп тентип келген мендей жанды кечир! 18 ге жаңы толуп, бели катый элек баласын оор ишке салган мендей энени кечир! Сүйүктүү кесибин, окуучуларын таштап, алыста эмгектенген мендей мигрантты кечир! Орус жергесинде билим алып, сенин бетиңе кыргыз сөзүн жаза элек менин кенже уулум үчүн кечир! Орус эжей акчаны санап берди. Рахмат. Класстан чыгып баратып сени бир карадым. Кош, така. Сени менен жарык жүз көрүшөр күнүм болор? Сенин жаның жок болгону менен баарын билесиң, канчалаган муунду көз алдыңда өткөрдүң. Аттиң десең, бетиңди сүртүп тазалап койгондой турмуштагы жаңылыштыгыбызды, көңүл ооруткан оор учурларыбызды өчүрө алсак ээ….
Адам баласы жаратман болуш үчүн белгиленген жер, бөлүнгөн мезгил, жаш өзгөчөлүгү же атайын жагдай болушу шарт эмес экенин өз тажрыйбамдан көрдүм. Бала кезимден мен үчүн, МУГАЛИМ — адам заттын барып турган тазасы.
Мугалимдик, мигранттык өмүрүм
…Аңгемелерди айтып, көздөрү күйүп турган мотурайган балдарды көрүп, сүйүнүп үйгө барар элем. Барарым менен эртең эмне айтып берем деп даярдык көрчүмүн. Аңгыча Алиппе майрамы жакындап калды. Ага өзүм план түзүп, ар бир баланын атына ыр чыгарып, кыргыздын оймо чийимдерин чагылдырып баштарына тамгаларын жасап, сценка сыяктуу өткөргөнүм эсимде. Бардык мугалимдер мактап, мен жазган планымды коңшу мектептердин мугалимдери алып кетишкен эле.
Ошентип иштеп жүрүп, кайын атам күйүттөн ооруга чалдыгып каза болуп калды. Менин тоом дагы кулады. Айылда үй салып берем деген ой максаттары бар эле кайын атамдын. Мугалимдик айлык менен алыс бара албайм.
Ар кандай кийим-кече сата баштадым. Балдарым, чоң энеси болуп айылдын турмушуна көнүп, жайды жайлай талаа жумуштары, ал кезде семичке айдап май чыгарчу элек. Картошка айдап, кыскасы бардык жумуштарды балдарым менен чогуу ээрчишип барып, иштеп келчүбүз. Атамдардын алма багын күзүндө терип жыйып дегендей. Ошондой бир күндөрү Кореядагы эжебиз телефон чалып, ал – жай сурашкан соң «Кореяга келип иштейсиңби?” — деп калды. Ойлонбостон макул деп алганым менен айылга келип, бир балдарымды карайм, бир окуучуларымды карайм… Атайын таттууларды алып алгам, аны ортого жайып, ар биринен кечирим сурагандай, мен иштеп келейин дегеним эсимде. Бири ыйлап, «эже кетпеңиз» — десе, өзүм ыйлап, «ананайындар, аз гана иштеп келем» – деп коём. Ошондо узак жылдар бою мигрант мугалим аталып каларымды кайдан билейин…
Ооба, иштегим келет, менин эң чоң жетпеген кыялым – мектеп, класс, окуучулар. Мотурайган балдардын көздөрүн сагынам, чуулдаган үндөрүн уккум келет. Мектептин жанынан өтсөм, суктанып карайм. Өзүмдүн чоң атамдын атынан коюлган мектепке аздыр-көптүр жардам берып турам. Барган сайын учурашып өтөм. Социалдык тармактарда жакшы иштерди жайылтып, өз сөзүм менен кубаттап, видеороликтерди чыгарып, кесибимди бир мүнөт да таштабай, бардык жерде колдонуп турам. Неберелеримди китепти сүйүүгө тарбиялап, оюндарды үйрөтүп өзүмчө жыргап калам. Кичинекейи да мени көргөндө колума китепти берип, “окуп бер” десе сүйүнөм. Мугалимдик кесип мигрант жашоодо мени көп кыйынчылыктардан оңой, өз жолу менен алып чыкты. Себеби эң сабырдуу, токтоо жана бала дүйнөсүн түшүнгөн адам аалам дүйнөсүн түшүнө алат деп ойлойм.
Миграция жана кесибим
… Биринчи келгенде подъезд жууп иштеп калдым. 1- сентябрда эрте менен тез жууп коюп, мектепти айланып жүрдүм, узактан карап отурдум. Мектепке келе жаткан окуучулардан окуучуларымды издеп, күтөм өзүмчө эле. Мектеп мени чакыргандай жүрөгум дүкүлдөйт, бирок ал жакка кире албайм, себеби мен мигрантмын. Бир кезде аябай катуу ыйладым, ооба көпкө ыйладым. Мектепке, окуучуларга болгон сагынычымдан бир аз жеңилдегендей болуп, ички дүйнөмдү бууган ызадан арылгандай, басып кеттим. Баягы кичинемден эңсеп, максат кылган ыйык сезимимди, мен максат кылып жүрүп жеткен, бактылуулук тартуулаган аруу, бийик, кол жеткис дүйнөмдү бирөө колумдан тартып алып койгондой, эч кимге бергим келбей.. Бирок тагдырга айласыз баш ийгендей кала бердим, а миграция жашоосу өз агымына салып, алып кетип жатты.
Андан бери көп жылдар өттү, адам баласы башына салган нерсеге бүт көнөт жана кабыл алат, жашоонун мыйзамы ушундай. Миграция жашоосунун дагы көп жакшы жактарын кабыл алдым. Көп жакшы жактарын байкадым, үйрөндум. Китептпен гана окуп, сүрөтүн көргон тарыхый жерлерди өз көзүм менен көрдүм. Ар тараптуу өсүү, өнүгүү болду менде.
Миграция жашоосунда да өз ордумду таптым, жаш кезде максат кылган кесибиме болгон сүйүүм мени жакшы ийгиликтерге жеткирди. Бирок, мектебимди сагынып келем. Мен үчүн жашоо мааниси — класска кирип окуучулар менен саламдашып сабак баштоодо, тактага жазып жатканда, жатжазуу жаздырып класс аралап басып жүргөндө, китеп окуп жатсам окуучулар мени карап отурганында. Мектепке кайра барып балдарды окуткан күндөрүмдү күтүп, кыялданып жашап келем. Миграция жашоосу мени аябай жакшы жагына өзгөрттү, азыр мен башка Салтанатмын. Бирок, өз кесибимдин устаты экенимди билем. Ички дүйнөмдүн чакырыгы болгон мугалимдик кесиптин ээси экеним менен сыймыктанып, мектебимди сагынып жашап келем…
Айгерим Токтобаева
Комментарийлер