КЕСИБИМ ЖАНА МИГРАЦИЯ

  • 25.07.2024
  • 0

Москвадагы Кыргыз диаспора кеңешинин билим комитети “Кут Билим” медиа борбору менен биргеликте Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз мугалимдер арасында “Кесибим жана миграция» аттуу дилбаян сынагын жарыялайт.

КЕСИБИМ ЖАНА МИГРАЦИЯ

Сынактын максаты — миграцияда эмгектенип жүргөн мугалимдердин өз кесибине кайтуусуна өбөлгө болуу жана кызыгуусун арттырууга көмөктөшүү.

Сынакка Мекенден сыртта эмгектенип жүргөн мугалимдер катыша алат. Ал эми окуучуларды түздөн-түз окутууга катышпаган мугалимдерде сынакта ат салышууга укугу жок. Учурда 23 дилбаян келип түштү.  Катышуучулар базарда жүрүп көптөн бери калемсап кармабай калдым эле, Кыргызстанга барганда сөзсүз мугалимдик кесибимди улантам деген сүйүнүчтүү пикирлерин билдирүүдө.

КЕСИБИМ ЖАНА МИГРАЦИЯ

Алардын бири — Айжан Мамасадыкова. Ал Кыргыз улуттук жазуучулар жана Москва облустук, Россия жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, Билим берүү отличниги, «Алтын калем», «Анна Ахматова» атындагы адабий сыйлыктын ээси, «Кыргыз тили» коомунун Москва шаары боюнча өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты  комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси, «Аруу дүйнө» адабий клубунун жетекчиси. Москва жана Москва облусу боюнча сот жана тергөө иштеринде кыргыз, өзбек, казак, түрк, түркмөн, гагауз тилдеринен котормочу. Төрт жылдан бери Москва шаарында Кыргыз элчилигинин колдоосу менен уюштурулган «Здравствуй школа», «Келгиле, кыргыз тилинде сүйлөйлү” акысыз курстарында волонтёр-мугалим болуп иштейт.

1994- жылы Ош мамлекеттик университетинин славян-герман филологиясы факультетин аяктаган, кесиби боюнча орус тили жана адабияты мугалими.  Миграцияда жүргөнүнө 15 жылдын жүзү болгон.

— Орусияда жашаганыма бир топ жыл болсо дагы жарандыгын алган жокмун. Себеби Кыргызстан мен үчүн эң ыйык, бүтүн дүйнөнү алаканыма салып берсе да алмаштыра албайм. Мекенден алыс жүргөнүм менен өз кесибимди таштаган жокмун. Репетитор, окутуучу, волонтёр-мугалим болуп балдарды тарбиялоого салым кошуп келе жатам. Анткени менде тубаса окутуучулук талант бар деп ойлойм, жай сүйлөгөндө деле адамга өз оюмду так жана таасирдүү жеткире билем. Ошол себептүү окутуучулукту менин миссиям катары кабыл алам. Мени өкүндүргөн нерсе — Москвадагы мигранттардын балдары кыргыз тилин билбей өсүп жаткандыгы. Тил болбосо улут кайдан? Жалпы кыргыз журтчулугун жапатырмак эне тилди сактоого жана өнүктүрүүгө чакырат элем, — дейт мигрант мугалим.

Айжан Мамасадыкованын айтымында, дилбаян сынагы миграцияда жүргөн мугалимдин жүрөгүн ойгото турган коңгуроо болду. Анткени ар биринин мугалимдик эмгек жолу көз алдында тартылды.  Айрыкча, калем сабын швабрага, идиш жуугуч машинага алмаштырган кыз-келиндер бир күрсүнүп алды. Өзүндө болсо билим-тажрыйбасын Кыргызстанда, өз мекениндеги билим берүү мекемелериндеги окуучуларга жумшасам болбойт беле деген өкүт жүрөгүн өйүп келет.

— Колумдан келсе азыр деле канат байлап учуп жетип, мугалим болуп алмакмын, бирок балдарым, неберелерим Москвада орун-очок ала баштады. Алардан алыс жашап, кусалык күүсүн черткенден заарканам. Бирок тээ көңүл түпкүрүндө ата журттун салкын абасынан жутуп, көк кашка суусун кечип, периштедей таза муундарга сабагымды өтүп, кесибимди улантамын деген үмүтүм өчкөн жок. Айрыкча, дилбаян сынагынан кийин кетер күндөрүмдүн саатын санап калдым. Дилбаян сынагы да өз убагында жарыяланды. Сыртта жүрсөк эле, цивилизациядан чыгып калган жерибиз жок да. Чыныгы мугалиммин деп сезген ар бир кесиптеш бул сынакка катышты деп ойлойм, — деген Айжан Мамасадыкова бул сынак жыл сайын улантылса, миграцияда жүргөн мугалимдерди Мекенинде кызмат кылууга үндөөнүн эң бир гумандуу жолу болуп каларын айтат.

КЕСИБИМ ЖАНА МИГРАЦИЯ

“Кесибим жана миграция” сынагынын дагы бир катышуучусу Апал Өмүралиева,  биология, химия мугалими.
Ж.Баласагын атындагы окуу жайдын биология факультетин, андан соң магистратураны И.Арабаев атындагы университеттин табигый факультетин аяктаган. Россия мамлекетинин Пермь университетинде химия сабагы боюнча билимин жогорулаткан. Ал дилбаян сынагы тууралуу Москвадагы мугалимдер тайпасынан билген. Дилбаян жазып жатып, жашоосун көз элегинен өткөрө анализдеп, жан дүйнө сапарына барып келгенин айтат. Ошондой эле  мугалим экендигине сыймыктанып, кайрадан мектепке кайтарыма өзүнө сөз берген.

— Аталган сынак башка кесиптештер сыяктуу эле мени дагы бир жагынан толкундатып артка кылчайтса, экинчиден, өзүм сүйгөн кесибимди аркалай албай алыста жүргөнүмдү эске салып, бир топ ойлондурду. Анткени ой толгоолорду кагазга түшүрүү — жан дүйнө терапиясынын бир түрү.  Сынак туурасында миграцияда жүргөн мугалим тааныштарым менен бөлүштүм. Алар дагы кубанышып, өз ойлорун айтышты. Алардын кубангандарын көрүп, дагы бир жолу мугалим экениме сыймыктандым. Бир курбум миграцияга келгенден бери соода тармагына аралашып, билим жолунан алыстап, таптакыр калем кармабаганын моюндап, дилбаян жазууга ынтызарлыгын билдирди.  Дилбаян жазуу миграциядагы ар бир мугалимдин жан дүйнөсүнө терапия болсо, бир чети жашоого көз карашын аз да болсо өзгөрттү десем болот. Алдыда мекенибизге кайтып, жаш жеткинчектерге татыктуу билим-тарбия берип, өлкөмдүн билим тармагына салым кошсом дейм. Анткени бүгүнкү жасалган аракет, эртеңки жаркын келечек!,   — дейт катышуучу.

 

КЕСИБИМ ЖАНА МИГРАЦИЯ

Жеке ишкер, коомдук активист, математика жана информатика мугалими Мадина Бөдөнөева миграциядагы жашоосу кесибим боюнча эмес, көп тармакта уланганын, дилбаян сынагы жашоосуна жана анын башкаларга тийгизген таасирине жаңыча көз салууга мүмкүнчүлүк бергенин билдирди.  Мугалимдин айтымында, дилбаян жазуу жөн гана чыгармачылык процесс болгон жок. Бул — анын кесиптик жолу менен жашоосундагы миграциянын ролу жөнүндөгү терең ой жүгүртүүнүн булагы болуп калды. Себеби мекенине кайтып келүү, ардактуу мугалимдик кесип күтүп жатканын эске салган коңгуроо катары кабыл алган.  Бардык мигрант мугалимдер кесибинен алыс жүргөндөрү менен, турмуштук тажрыйба, жаңыча көз караш менен кайтып, топтогон тажрыйба, билимин мекенибиздин билим берүү системасын өркүндөтүүгө жумшайбыз деген оюн билдирди. Учурдагы жасап жаткан иши башка багытта болгондуктан, мектепке кайтып балдарга билимин арнай албасам дагы, материалдык жактан колдоо көрсөтсөм деген изги тилегин билдирди.

— Бул сынак мен үчүн өзгөрүүлөрдүн катализатору болду. Мен ойлорум менен пландарымды бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазымын. Сынакты уюштурган «Кут Билим» медиа борборуна жана Кыргыз диаспора кеңешинин билим комитетине ыраазычылык билдирем, — деп сүйүнүчүн билдирди Мадина Бөдөнөева.

Дилбаяндар 2024-жылдын 15-августуна чейин кабыл алынат. Сынактын шартына ылайык, сынакка жөнөтүлгөн бардык дилбаяндар Уюштуруу комитети тарабынан тексттин уникалдуулугу, б.а. плагиаттын бар же жоктугу текшерилет. Текшерүүдөн өткөн дилбаяндар калыстар тобунун мүчөлөрүнө жашыруун, б.а. катышуучунун аты-жөнү көрсөтүлбөй, сыр сөз жазылган түрдө жөнөтүлөт.

Алар теманы толук ачып берүү, негизги ойду ачык, так баяндап берүү, баяндоо стили (көркөм), жазуу сабаттуулугу, андан аркы иш үчүн пайдалуулугу, тажрыйба бөлүшүү, дилбаяндын темасына стандарттан тышкары мамиле жасоо критерийлеринин негизинде бааланат.

Дилбаяндарды билим берүү, илимий,  методикалык  мекеме кызматкерлеринен, маданият жана илимий ишмер өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобунун сынынан өтөт.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер