«КЕЛЕЧЕКТЕ» АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН КЛУБ АЧЫЛДЫ

  • 17.04.2018
  • 0

Бишкек шаарындагы «Келечек» жаңы конушундагы «Бөбөктай» Энелер мектебинин базасында Ата-энелер клубу ачылды. Аны Социалдык ишкерлер ассоциациясы каржылады.

«КЕЛЕЧЕКТЕ» АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН КЛУБ АЧЫЛДЫ

«Бөбөктай» балдар бакчасынын директору Нурсалкын Өзбекованын айтымында, «Келечек» жаңы конушунда 8000 адам жашайт. Ал жерде болгону бир гана бейтапкана иштейт. Ошондуктан сыркоолоп калган адамдардын баарын бир терапевт менен бир балдар дарыгери тейлегенге мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан долбоордун алкагында бала бакчанын базасында Ата-энелер клубун ачып, ишемби жана жекшемби күндөрү кесипкөй дарыгерлер чакырылып, конуштун тургундарына ден соолукту кантип чыңдоо керек, жаш энелер кантип баланы эмизиш керек, кантип баланы тарбиялаш керек ж.б.у.с. маселелердин тегерегинде семинар-окуулар өткөрүлүп турат.

— Азыр ата-энелерге басым кылып жатабыз, аларды окутуп, өркүндөтүү үчүн. «Келечек» конушундагы бейтапканага дарыгерлер жетишпейт. Аялдарга кеңеш бергенге алардын убактылары чектелүү. Ошондуктан кесипкөй дарыгерлерди алып келип, ушул жерден оорулардын себебин көрсөтүп, ата-энени окуткан соң, алардын ар биринин интуициясы күчөйт, балага болгон тарбия берүү мамилеси өзгөрөт. Биздин бала бакчада англис тили, буквограмма, менталдык арифметика окутулат. Ар бир балага 4000 сом төлөнөт, бирок ошол каражаттар кайра эле элге жумшалат, — дейт директор.

Социалдык ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Асель Кубанычбекованын айтымында, 2017-жылдан тарта бул долбоор иштеп жатат. Максаты — жаңы конуштардагы аялдарга экономикалык жактан мүмкүнчүлүк түзүп берүү, ошондой эле аларды ишкердикке үйрөтүү.

— Бул долбоорду ачуу идеясы 2017-жылы пайда болгон. Социалдык ишкердик деген эмне? Бизнес-модель менен социалдык көйгөйдү чечүү дегенди билдирет. «Аялга инвестиция кылсаң, жалпы коомго инвестиция кыласың» деген сөз бар го. Эжекелерге жардам берели дедик. Биздин аудитория 25-35 жашка чейинки, бирок беш жаңы конуш менен иштешкенибизде 68 жашка чейинки ишкердикке кызыккан аялзаттар чыкты. Жалпысынан 150 аялды окуттук, акырында 40 эжеке эң жакшы бизнес идеяларын презентация кылышты. Алар үч айлыкка өтүп, бекер окуп жатышат. 40 эжекенин ичинен он ишкер бизнес-мектеп бүтө электе эле өздөрүнүн бизнестерин ачышты. Маселен, Нурсалкын эженин өзүнүн бизнес-ментору бар болчу. Кыргызча айтканда ишкер айымдын «өкүл апасы». Ал жол көрсөткүч. «Бөбөктай» бала бакчанын базасында Ата-энелер клубун ачты. Ал жерде энени төрөткө даярдоо, балдар менен ата-энелер кантип тил табыш керек ж.б.у.с. темалар менен иш жүргүзүлөт, — дейт А.Кубанычбекова.

Бул иш-чара келген Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы республикалык педагогикалык кадрларды кайрадан даярдоо институтунун мектепке чейинки жана мектепте билим берүү кафедрасынын башчысы Л.В.Усенконун айтымында, «Бөбөктай» Энелер мектеби мындан он төрт жыл мурда ачылган. Учурда мындай мектептерден республикада 200дөн ашык.

— Энелер мектебинин программасын иштеп чыгуу идеясы тээ советтик доор кулаган учурда пайда болгон. Анткени ал кезде көптөгөн бала бакчалар сатылып, балдар билим алуудан алыстап калышкан. Бул абалдан чыгуу үчүн көптөгөн адабияттарды окуп, талдап чыктык. Чех ойчул-педагог Я.Коменскийдин дидактика тууралуу эмгектерин кылдат окуп чыгып, үй-бүлө жана бала бакча шартында мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо зарылдыгы идеясын алдык. Албетте, чаржайыттыкка жол бербөө керек эле. Ошондуктан

программага өзгөчө көңүл буруп, көрсөтмөлүүлүк, жеткиликтүүлүк принциптерин киргиздик. Я.Коменский мыкты сүрөтчү болгон. Ал көптөгөн айбандар, өсүмдүктөр дүйнөсү тууралуу көрсөтмө куралдарды даярдаган. Ушунун баары балдарды өнүктүрүүдө чоң материал болду. Заманбап Энелер мектебинин программасында дагы ушуларды биз сактап, ишке киргиздик. Ириде балдарды окутуу, тарбиялоо, өнүктүрүү жана мектепке даярдоо бөлүмдөрү программага кирген. Экинчиден, ата-энени окутуу. Биз ата-энени окутуп эле койбостон, ишке тартууну киргиздик. Ал деген, ата-эне чийден, кийизден ар кандай буюмдарды жасап,балдарга үйрөтүү, ошондой эле манасчыларды чыгаруу каралган. Ата-эне балдарды кадимки эле педагогдой окута алат. Мына Энелер мектебинин программасындагы принциптер бүгүн аткарыла башталды. Ата-энелер клубу жаңы конушка абдан керек, — дейт Л.В.Усенко.

Республика боюнча ачылган 200 Энелер мектебин Бишкек шаарындагы №186 бала бакчанын директору Дильнара Майгулакова жетектейт. Анын пикиринде «Келечекте» ачылган Ата-эне клубу аркылуу билим берүү системасындагы бир топ көйгөйлөрдү чечсе болот.

— Бул долбоор ата-энелер менен иштөөнүн бир багыты болуш керек. Бул долбоорду ассоциация каржылык жактан колдоп жатышат. Ата-энелер үчүн «Бактылуу үй-бүлө» деген клуб түзүлдү. Ата-эне аркылуу көп маселелерди чечсе болот, — дейт бала бакча жетекчиси.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер