“КЕЛЕЧЕК” ОЛИМПИАДАСЫ ЧАКЫРАТ

  • 09.04.2021
  • 0

“Келечек” олимпиадасы Кыргыз Республикасынын аймагында 6-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн математика жана англис тили боюнча өткөрүлөт.

Олимпиада жөнүндө

Мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелеринин арасында жогорку жана орто класстагы окуучулар үчүн өткөрүлүп жаткан олимпиадага катышуу үчүн жалпы окуучуларды “Келечек” олимпиадасы чакырат. Бул интеллектуалдык таймашуу аркылуу өзүңөрдүн билимиңерди текшерип, жакшыртууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Өнүгүү үчүн берилген аянтчадан тышкары, катышуучулар жаркын маанайда жаңы достор менен таанышып жана жагымдуу байгелерди алышат.

“Келечек” олимпиадасы Кыргыз Республикасынын аймагында 6-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн математика жана англис тили боюнча өткөрүлөт. Олимпиада үч баскычтан турат. Баштапкы эки баскычы онлайн форматта өткөрүлөт, ал эми үчүнчү баскыч Бишкек шаарында оффлайн форматында өтөт. Катышуу үчүн окуучулар алдын ала сайтта (www.kcolimpiada.kg) катталып, катышуу төлөмүн төлөөгө
тийиш.

Ар бир окуучу калоосуна жараша эки предметтен тең тапшыра алат. Ар бир предмет үчүн байгелүү орундар өз-өзүнчө бөлүштүрүлөт. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү байгелер менен, ал эми алардын мугалимдери жана насаатчылары материалдык түрдө сыйланат.

Байгелер

1 орун – ультрабук,

2 орун – планшет,

3 орун – смартфон,

4-5-6 – китеп ж.б.

Ошондой эле сертификаттар берилет.

Олимпиаданы өткөрүү даталары:

1-баскыч онлайн өтөт, 20-апрель
2021-жылы;

2-баскыч онлайн өтөт, 23-апрель
2021-жылы

3-баскыч Бишкек шаарында өтөт, 1-май 2021-жылы

(Баасы)

1 тур –250 сом

2 тур – 300 сом

3 тур – акысыз

Максаттары:

— окуучунун атаандашуу жөндөмүн жогорулатуу;

— терең жана максаттуу окууга жана үйрөнүүгө түрткү берүү;

— өздүк дисциплинаны жана уюштуруучулукту күчөтүү;

— Ой-толгоону кеңейтет.

Кичүү класстын базасында.

Плюстары:

1, 2-баскыч онлайн өткөндүктөн, өлкөнүн баардык аймактарынан олипиадага катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эң негизгиси, интернет болушу керек.

Окуучунун интернет байланышы бар болгон учурда өз алдынча даярданууга болот, бул үчүн биздин веб-сайтта сыноо тесттери бар.

Шыктандыруучу байгелер студенттердин мындан аркы өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Тест жөнүндө

Ар бир катышуучу үчүн суроолор уникалдуу түзүлгөн (бардыгында ар башка суроолор болот). Олимпиада жылына бир-эки жолу өткөрүлөт.

Англис тили боюнча тест отуз суроодон турат. Тестти аткаруу үчүн катышуучуга бир саат убакыт берилет. Баардык суроолордун жооптору варианттары менен, төрт варианттын ичинен бирөөсү эле туура. Суроолор ар кандай болот: граматтиканы билүүсү, сөз байлыгы жана дагы текстти окуп жана түшүнө билүүсү боюнча.

Математика боюнча тест 20 суроодон турат, мында да бир саат убакыт берилет.

Ар бир предмет боюнча тесттер жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу үч категорияга бөлүнгөн:

  1. 6-7-класстар үчүн;
  2. 8-9-класстар үчүн;
  3. 10-11-класстар үчүн.

Баардык жаш курак категориялары боюнча суроолор аталган класстардын кичүү класстарына ылайыкташтырылган, биринчи категориялар үчүн 6-класс, экинчи категориялар үчүн 8-класс, үчүнчү категориялар үчүн 10-класс.

Бөлүшүү

Комментарийлер