Келечек ээлеринин кубанычтуу майрамы

  • 04.06.2024
  • 0

1949-жыл. 1-июнь. Парижде чоң жаңылык. Аялдар кангресси. Балдарды коргоо жөнүндө кызуу талкуулар. Ой-пикирлер, сунуштар, жыйынтыктар… Бул иш өтө маанилүү болгонунан улам, Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен “1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү”, балдардын майрамы деп жарыяланды. Ошентип 1950-жылдан бери дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрүңдөгүдөй эле Кыргызстанда да балдардын майрамы өткөрүлүп келе жатат. 

…31-май. Бишкек. Борбордук почта түйүнүнүн залы. Кенже балдар жана кыздар ата-энелери менен мында келишти. Аларды “Кыргызпочтасы” ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Роман Абдиев, башкармалыктын башчысы Анаркүл Калпаева кубанычтуу майрамы менен куттукташты. Балдарды колдоо, үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча жасалган иштерге токтолушту. Бул мекемеде иштегендердин балдарына, 20 балага колдоо иретинде белек-пакеттер тапшырылды. Республика боюнча дагы 80 балага мындай белектер берилмекчи. Бул эмгек жамаатында муктаж үй-бүлөлөргө, балдарга колдоо, жардам көрсөтүү салтка айланган. 

…1-июнь. Тунгуч кичи району. Мектептин спорт аянтчасы. Музыка жаңырып, ырлар аткарылып жатты. Кубанычка бөлөнгөн балдар, ата-энелер. Майрамды Октябрь районундагы 6-муниципалдык-аймактык башкаруусунун башчысы Ж.Медербеков ачып, балдарды, жеткинчектерди майрамы менен куттуктады. Жогорку Кеңештин депутаты Д. Бекешев өлкөбүздө балдарды, энелерди, үй-бүлөлөрдү, айрыкча муктаж болгондорду колдоо боюнча жасалып жаткан жана дагы жасала турган иштерге токтолуп, жеткинчектерге жаркын келечек каалады. Балдарга жардам иретинде белектерди тапшырды. 

Майрамдык салтанатта “Шайыр балалык” балдарды өнүктүрүү борборунун комузчу, ырчы, бийчи балдар-кыздары шаңдуу концерт тартуулашып, чогулгандардын ыраазычылыктарына ээ болушту. Жеткинчектер арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү. Сүрөт тартуу боюнча сынак уюштурулду. Бөбөктөр табышмактарды табууга дилгирленишти. Жеңүүчүлөргө мактоо баракчалары, белектер ыйгарылды. Майрамга катышкан балдарга, бөбөктөргө балмуздак берилди. 

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган жакшынакай бул майрамдык иш-чараны 73-мектеп-гимназиясы, жергиликтүү аймактык башкаруусу, 27-китепкана, “Шайыр балалык” балдарды өнүктүрүү борбору, кичи райондун активист-аялдары биргелешип өткөрүштү

…Кара-Жыгач шаар конушу. Октябрь району. 91-мектеп-гимназиясы. Аянтчада — “Алтын балалык”жайкы эс алуу лагерине алынган окуучулар. Балдарды коргоо күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада мектеп-гимназиясынын директору Э. Абдылдаев, жайкы эс алуу лагеринин башчысы Н. Алмазбек кызы сөз сүйлөштү. Балдарга болгон ишеничти актоо, окууда, күндөлүк жүрүм-турумда үлгүлүү болуу, келечекте турмуштан өз ордун табуу жөнүндө ой-пикирлерин айтышты. Июндун 3үнөн 28ине чейин созула турган жайкы эс алуу лагеринин өткөрүлүшү боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Кара-Жыгачтагы мектептен 120 окуучу, Алтын-Ордодогу мектептен 30 окуучу тартылган. Китеп окуу, ыр-бий, кол эмгек, спорт боюнча окуу-машыгуулар өткөрүлөт. Шаардык жана райондук билим берүү мекемелери уюштура турган маданий, спорт иш-чараларына да катышышат. Лагердин күн сайынкы иштөө мөөнөтү 8ден 14 саатка чейин. Эки маал тамак берилет. Лагерге тартылгандар – колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары жана окуунун алдыңкылары. 

Бул майрам учурунда шаўдуу ыр-кїїлєр жаўырып, бийлер аткарылып, сүрөт тартуу сынагы өткөрүлүп, балдарга белектер берилип, майрам шаңдуу өттү

…Саруу-айылы. Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу. Жакшы абалга келтирилген эски имарат таанылгыстай өзгөргөн жана зарыл эмеректер, жабдыктар менен камсыз болунган. Бул жерде мектепке чейкинки билим берүү уюму иштей баштайт. Кенже балдар тарбияланат. Балдар бакчасына Россияда иштеген айылдаштар, жергиликтүү ишкерлер, фермерлер да жардамдарын беришкен. Алдыңкы мугалим, коомдук ишмер Акылыйма  Кыдыеванын аракети менен түзүлгөн долбоор жактырылган. Ушуга байланыштуу, Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси, Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен өлкөбүз боюнча 500 бала бакча ачуу программасына кошулуп, Саруу айылында чакан бала бакча ишин баштай турган болду. Бул бала бакчаны дагы кеңейтүү баюнча иштер жүргүзүлүп жатканын өрнөктүү иши менен көрүнгөн Акылыйма айым өз сөзүндө белгилеп өттү

Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Саруу айылында бала бакча ачылып, кубанычтуу салтанат өткөрүлүп, айыл калкы, ата-энелер, кенже балдар үчүн кош майрам болуп калды. 

…Ала-Тоо аймагы жашыл түскө, түркүн гүлдөргө бөлөнгөн учур. Ар жерде эмгек кызыган маал. Бул кооздукту бүгүнкү майрам – Балдарды коргоонун эл аралык күнү ого бетер көркүнө чыгарып, өлкөбүздүн бардык жеринде балдардын майрамы жылуу, кубанычтуу, чын пейилдүү маанайда кеңири белгиленгенине баарыбыз сүйүндүк. 

Албетте, айтып кете турган нерсе, көңүлдү кирдеткен айрым учурлар да болду. Кээ бир жергиликтүү бийлик органдары менен депутаттар, жамаат жетекчилери, коомдук уюмдар, ишкер-фермерлер жана активисттер, балдарга көңүл буруп, колдоо көрсөтүүнү, бөбөктөр кубангыдай майрам тартуулоону унутуп койгондор да кездешти. Биздин келечегибиз болгон бөбөктөр, балдар жөнүндө камкордук көрүүдө кош көңүлдүккө жол берилгени жакшы эмес го?..

Курманбек РАМАТОВ 

Бөлүшүү

Комментарийлер