“КЕЛЕЧЕК” БАЛДАРДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОРБОРУНУН 70 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 17.11.2023
  • 0

16-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде “Педагогдордун санариптик компетенттүүлүгү: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аталышында республикалык илимий-практикалык конференция өттү.

“КЕЛЕЧЕК” БАЛДАРДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОРБОРУНУН 70 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Конференция Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун 70 жылдык мааракесине карата мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогдору арасында уюштурулду.

Конференциянын жүрүшүндө баяндамалар окулуп, секциялык иштер жасалды. Ошондой эле балдардын чыгармачылык борборунун мааракесине арналган концерттик программа коюлду.

Республикалык илимий-практикалык конференция Билим берүү жана илим министрлигин, Ош шаарынын мэриясынын, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колдоосу менен өткөрүлдү.

“КЕЛЕЧЕК” БАЛДАРДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОРБОРУНУН 70 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Бөлүшүү

Комментарийлер