КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

  • 04.09.2024
  • 0

2024-2025-окуу жылында республика боюнча 90 миңден ашык мугалим окуучуларга билим берсе, анын 1199 жаш кадрлар. Алардын бири –КМУнун  мамлекеттик тил жана маданият институтун бүтүрүүчүсү Нураида Акжол кызы. Ал бул күндү өзгөчө кубаныч менен күткөнүн, толкунданганын айтты. Мектеп жамааты жаш адиске класс жетекчилик милдетти ыйгарып, чоң ишеним артканы да стимул болгонун билдирди.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

Жаш мугалимдин айтымында, баланын көңүлүн таба билүү — мугалимдин биринчи куралы. Класс жетекчи катары да ар бир окуучунун кыялына, мүнөзүнө карап, сабактардагы жетишкендиктерине гана маани бербестен, талантын, жөндөмүн убагында байкап, өнүктүрүүгө жардам берүүсү кажет. Бул максатта өзү дайым изденип, байма-бай ар кыл онлайн, офлайн сабактарга катышып турат. Азыркы замандын балдарын бир нерсе менен таң калтыруу оор деп эсептегендиктен, заманбап технологиялардан да кыя өтпөй, бул жатта да өзүн өнүктүрүп турат.

Жаш кесиптешин мектеп жамааты да жылуу кабыл алып, акыл- насааттарын берип, көп жылдык тажрыйбалары менен бөлүшүп, качан болбосун колу сунууга даяр.

Нураида Акжол кызынын бир туугандары да агартуу чөйрөсүнүн кызматкерлери. Ага да балдар менен иштешүү жаккандыктан мугалимдик кесипти тандаган. Өзгөчө мугалиминин “Бир күн эжей катары сабакка даярданып келгиле” деген тапшырмасы аны ого бетер шыктандырган. Окуучулук кезинен эле балдарга сабак берүүгө кызыгып, келечекте өзүн бул чөйрөнүн адиси катары көрө алган. Чыгармачылыкты талап кылган, башкалардын шыктануусуна себепкер болгон кесип катары кабыл алган.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

Адинай Жанышбекова болсо №94 орто мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими катары экинчи жыл иштөөдө. Ал Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин быйыл аяктады. Бир жыл мектептин ашканасына аралашып, балдар эмнеге кызыгарын, кандай ыкмада өтүлгөн сабак жеткиликтүү жана кызыктуу болорун аныктап, жаңы окуу жылына өзгөчө видеосабактарды, оюндарды даярдады.

Буга чейин сабакты смартфондун жардамы менен өтүүгө басым жасаса, эми техникасыз, ошол эле учурда заман талабына ылайык сабак өтүүнү колго алган. Себеби көпчүлүк окуучулар китеп окубай калгандыктан, балдарды кайрадан китеп дүйнөсүнө кызыктырууну каалайт.

Адинай Жанышбековага окшогон жаш адистерди мектеп жамааты да колдоп, жылуу сөздөрүн айтып, кеңешин аябайт.

Мугалимдин айтымында, балдар менен иштешүү өзү элестеткенден дагы башкача сезимдерди тартуулап, изденип иштөөгө эргүү берет. Башка эмгек акысы жогору жеке менчик мекемелерден сунуштар көп болсо дагы баарынан баш тарткан. Себеби мамлекеттик мекемеге өз салымын кошуп, азыркы муундун таалим-тарбиясына таасирин тийгизүүнү каалайт.

Адинай мектептин атмосферасы, окуучулардын сезими материалдык байлыктан да жогору турат деп эсептейт.

Мугалимдердин үй-бүлөсүндө өскөн жаш адистин да кыялы агартуучулардын катарын толуктоо болуп, айылдагы балдар-кыздарды чогултуп алып аларга сабак берип ойночу. Тапшырмаларын текшерип, эсептерди чыгартып, өзү билген маалыматтары менен бөлүшүүнү каалачу.  Ошондуктан окууну аяктаганда ойлонбостон мугалимдик кесипти тандаган. Келечекте, кыйынчылыктарга карабастан, бул тармакты биротоло алып кетүүнү көздөйт.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

Бишкек мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Дилнура Бакытова да эки жылдан бери №94 мектептин англис тили мугалими. Жогорку окуу жайдын студентине мектеп администрациясы жүгүртмөнү окуусуна ылайыктап түзүп берип, көбүрөөк саат бөлүп, шарт түзүп берген.

Англис тилчи мугалим 2024-2025-окуу жылын өзгөчө толкундануу менен күтүүдө. Себеби бул жылы өзү да ЖОЖду аяктоо алдында турат. “Жумушума тоскоол болбосун” деп дипломдук ишин эртерээк жазып бүтүрүүнүн аракетинде.

Кесибине болгон сүйүүсү башталгыч классында эле ойгонуп, ата-эне жана бир туугандарын айланасына чогултуп алып мектептен үйрөнгөндөрүн айтып, “эжеке” болгонду жакшы көрчү. Агартуучулук кесипти аркалаган бир тууган эжекеси да иш убагындагы окуучулары менен болгон кызыктуу окуяларын айтып берип, ого бетер кызыгуусун арттырган.

Ал биринчи ирет практикага чыкканда эле окуучулар менен бат тил табышып, алардын сабагына кызыгуу менен келип жатканы жаш адисти шыктандырып, кубануу сезимдерин ойготкон. Окуучуларына таасирдүү мугалим болушу үчүн сабактарында теорияны азыраак колдонуп, көбүнесе практика: сүрөт, карточка, мультфильмдердин каармандары аркылуу чагылдырууга басым жасайт. Жөнөкөй сүйлөшүү аркылуу эмес, оюндар менен теманы түшүндүргөнгө аракеттенет.

Дайыма изденүүнүн үстүндө жүргөн мугалим окуусун да, жумушун да ийгиликтүү алып кетүүгө болгон күчүн жумшайт. “Мугалим канчалык күчтүү болсо, мамлекети өсүп-өнүгөт” деген Дилнура Бакытова мугалимдик чөйрөгө аралашкандан бери талыкпай эмгек кылганды үйрөнгөнүн айтат.

Бул кесип аны тазалыгы, адамгерчилиги, адилеттүүлүгү, кызыктуулугу, башкаларга үлгүлүүлүгү менен өзүнө тартып турат.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

Дагы бир жаш мугалимдердин бири  — КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтун артыкчылык диплом менен аяктаган Айтаалы Сыдыкаалы уулу. Ал өзү чоңоюп, билим алган Аксы районунун Ак-Суу айылындагы А. Осмонбеков атындагы мектептин тарыхы мугалими.

Айтаалы Сыдыкаалыуулу мугалимдик кесипке окуучу кезинен кызыгып, мугалимдеринин сабак өтүү ыкмасынын айырмачылыктарын анализдечү. Өзгөчө ага кыргыз тили мугалими Кымбат Кайдалиева менен тарых сабагынан берген Дайыр Дарчибаев агайы таасир берген. Себеби эжейи кол жазмасы начарлыгын айтып басынтпай, жөндөмүнө жараша баалап келген. Ал эми тарых сабагын кызыктуу өткөн мугалими окуучусун бул предметке тартып, олимпиадага чейин жеткирген.

Тарыхчы 4-курста окуп жатканда эле Бишкек шаарындагы 66-мектеп-гимназиясында алгачкы мугалимдик жолун баштап, аталган окуу жайда бир жыл эмгектенген. Жаш адис башында сабакты уюштурууда, өтүүдө кыйынчылыктарга кабылган. Тажрыйбасы жоктугунан улам окуучуларды сабакка кызыктыра албай, алдыңкы катардагы саналуу окуучулар менен гана иштешип калган учурлары болгон. Сабагына катышкан мугалимдер «Жалпы иштешиң керек», «Бир орунда турба» деген пикирлерин билдирчү. Кесиптештери Кенжегүл Алышбаева менен Дастан Абдыраманов дайым кеп-кеңештерин айтып, тажрыйбалары менен бөлүшүп кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө жардамдашкан. Өзү да бош убакыт табылса эле алардын сабактарына катышып, сабакты кызыктуу өтүү ыкмаларын үйрөнүүгө аракет кылчу.

Бир жылдык тажрыйбасы бар мугалим азыркы окуучулар техникага байланган муун болгондуктан, техниканын жардамында жаңы ыкмалар менен сабак өтүү абзел деген тыянакка келген. Ошондуктан өзү дайыма билим берүүгө багытталган тиркемелерди изилдеп, алар менен сабак өткөнгө аракеттенет. Социалдык тармактардагы коңшу мамлекеттердин мугалимдеринин тажрыйбасы менен таанышып,  андагы кеп-кеңештерди колдонууга аракеттенет.

Жаш мугалимди мектептеги эмгек акынын аздыгы ойлондурбайт. Башкысы, коом үчүн пайдалуу жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошчу кесип болуусу керек деген позицияда. Туура кесип тандаганына билим чөйрөсүндө аралашып, максатташ инсандарды кезиктиргенде ынанган.

Жаңы окуу жылында мектепке окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүүчү билимге байланыштуу иш-чараларды көбөйтүп, жолугушууларды уюштуруп турууну максат кылат. Мисалы, окуучулар алган билимин бышыктоо максатында чейрек сайын конкурс уюштуруу ниети бар. Мындан сырткары, жаш адис мектебинин атын алып жүргөн А.Осмонбеков тууралуу автордук китебин жазып бүттү.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

КМУнун алдындагы Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин бүтүрүчүсү Сталбек Бекболотов өзү билим алган окуу жайда тарых мугалими катары эмгек жолун баштады. Ал Президенттик стипендиянын ээси, “КМШнын мыкты студенти” деген наамга ээ болгон. Апасы дал ушул окуу жайдын тарых факультетин аяктаган мугалими болгондуктан, апасынын таасиринен улам тарыхка кызыгуусу пайда болгон.

Окутуучуларынын сунушу менен эки жылдан бери Ата-Бейит улуттук- меморалдык комплексинде гид кызматында эмгектенет. Ал жерге келген жаштар Сталбек Бекболотовдун кызыктуу коштоосун жактырышат. Себеби аларга жаштардын тилинде айтып берет. Жеке номерин алып, окуу жайларга лекция окуп берүүгө да чакырып турушат.

“Жаштардын көзүн ачышыбыз керек” деген жаш адис көпчүлүк окуу жайларда лекциялар жөн гана жазуу менен чектелип, кызыксыз өтөрүн айтат. Бул нерсени алдын алуу үчүн кызыктуу платформаны колдонушубуз керек деп эсептейт. Өзү жаштар көп колдонгон тик-ток тиркемеси аркылуу тарыхка байланыштуу кыска маалыматтарды чыгарып турат. Тарыхты бул ыкмада чагылдыруу көп көрүүлөрдү топтойт. Мугалимдик кесибинде тиркеме, жаңы программаларды гана колдонбостон, өзү талаа практикасын колдонуп, Кыргызстандагы архитектуралык жайларда лекцияларын өтүүнү көздөйт. Ошондой эле чыгаан тарыхчылар менен окуучулардын жолугушуусун уюштургусу келет.

Сталбек Бекболотов дагы да билимин тереңдетип, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында окуусун улантууда. Ошондой эле чет тилин үйрөнүн, чет өлкөгө чыгып, билим берүү тармагында тажрыйба алмашып, инвестицияларды тартууну максат кылат. Тарых илимдеринин өтөөсүнө чыгып, чоң окумуштуулардын катарында тарыхтагы ачылыштарды жасоону каалайт.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

Кыргыз мамлекеттик университетинин дагы бир бүтүрүүчүсү Аделя Жумабаева мугалимдердин династиясын улап, №6 гимназиянын  информатика жана физика мугалими болуп иштөөдө. Жакындарынан мугалимдик кесиптин түйшүгүн көрүп өскөн жаш адис “эч качан мугалим болбойм” деп айтчу. Бирок, капысынан мугалимдик кесипке тапшырып калган. Башында окуу онлайн форматта өтүлгөндүктөн кызыга албай жүргөн. Кийин кесиби кызыктуу экендигин сезип, жоопкерчиликти колуна алган. №29 мектепте практика өтөп, тажрыйба топтой баштаган.

Аделя Жумабаеванын айтымында, жаш кадрлардын мектептен качуу себеби, “Тажрыйба аласың” деп көп көлөмдөгү жумушту артып коюшат. Бирок жаңыдан көнүп келе жаткан жаш адисти бул мектептен качырат. Мисалы, өзүнүн тайпалаштарынын арасында эле ушундай маселенин кесепетинен улам башка кесипти тандап кеткендер бар. Өзүнүн мектептен кетпей иштөөсүнө окуучулары чоң мотивация берет. Эки жылдан бери билим берип келе жаткан окуучуларынын быйыл бүтүрүүчү класс экендигине да ого бетер толкунданып жүргөнүн билдирди. Жаш адиске башка жакта иштөө сунуштары көп болсо дагы мектептеги окуучуларын кыя албай, “Мен кетсем ким сабак берет?”, “Программадан артта” калат деген ой менен мектепти калтыргысы келбейт.

Мындан сырткары, биринчи сабагын өткөндөн кийин “сабакты кандай өттүм экен” деп көпкө ойлонуп, сарсанаа болуп жүргөнүн айтат. Ошондой эле кыргыз классты аяктагандыктан орус тилдүү балдарга сабак берүүдө кыйынчылыктарга туш болгон. Окуучулардын сабакка активдүү катышуусу изденүүгө түрткү берип, бара-бара аларга маалыматты туура жеткирүүнү өздөштүргөн. Азыр “аралаш” методикасын колдонуп, сабакты түшүндүрүүгө аракеттенет. Телефон аркылуу оюндарды ойнотуп, викториналарды уюштурат.

Айгерим Токтобай кызы, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер