КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

  • 30.08.2024
  • 0

2024-2025-окуу жылында республика боюнча 90 миңден ашык мугалим окуучуларга билим берсе, анын 1199 жаш кадрлар.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

Адинай Жанышбекова №94 орто мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими катары экинчи жыл иштөөдө. Ал Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин быйыл аяктады. Бир жыл мектептин ашканасына аралашып, балдар эмнеге кызыгарын, кандай ыкмада өтүлгөн сабак жеткиликтүү жана кызыктуу болорун аныктап, жаңы окуу жылына өзгөчө видеосабактарды, оюндарды даярдады.

Буга чейин сабакты смартфондун жардамы менен өтүүгө басым жасаса, эми техникасыз, ошол эле учурда заман талабына ылайык сабак өтүүнү колго алган. Себеби көпчүлүк окуучулар китеп окубай калгандыктан балдарды кайрадан китеп дүйнөсүнө кызыктырууну каалайт.

Адинай Жанышбековага окшогон жаш адистерди мектеп жамааты да колдоп, жылуу сөздөрүн айтып, кеңешин аябайт.

Мугалимдин айтымында, балдар менен иштешүү өзү элестеткенден дагы башкача сезимдерди тартуулап, изденип иштөөгө эргүү берет. Башка эмгек акысы жогору жеке менчик мекемелерден сунуштар көп болсо дагы баарынан баш тарткан. Себеби мамлекеттик мекемеге өз салымын кошуп, азыркы муундун таалим-тарбиясына таасирин тийгизүүнү каалайт.

Адинай мектептин атмосферасы, окуучулардын сезими материалдык байлыктан да жогору турат деп эсептейт.

Мугалимдердин үй-бүлөсүндө өскөн жаш адистин да кыялы агартуучулардын катарын толуктоо болуп, айылдагы балдар-кыздарды чогултуп алып аларга сабак берип ойночу. Тапшырмаларын текшерип, эсептерди чыгартып, өзү билген маалыматтары менен бөлүшүүнү каалачу.  Ошондуктан окууну аяктаганда ойлонбостон мугалимдик кесипти тандаган. Келечекте, кыйынчылыктарга карабастан, бул тармакты биротоло алып кетүүнү көздөйт.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

Бишкек мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Дилнура Бакытова да эки жылдан бери №94 мектептин англис тили мугалими. Жогорку окуу жайдын студентине мектеп администрациясы жүгүртмөнү окуусуна ылайыктап түзүп берип, көбүрөөк саат бөлүп, шарт түзүп берген.

Англис тилчи мугалим 2024-2025-окуу жылын өзгөчө толкундануу менен күтүүдө. Себеби бул жылы өзү да ЖОЖду аяктоо алдында турат. “Жумушума тоскоол болбосун” деп дипломдук ишин эртерээк жазып бүтүрүүнүн аракетинде.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

Кесибине болгон сүйүүсү башталгыч классында эле ойгонуп, ата-эне жана бир туугандарын айланасына чогултуп алып мектептен үйрөнгөндөрүн айтып, “эжеке” болгонду жакшы көрчү. Агартуучулук кесипти аркалаган бир тууган эжекеси да иш убагындагы окуучулары менен болгон кызыктуу окуяларын айтып берип, ого бетер кызыгуусун арттырган.

Ал биринчи ирет практикага чыкканда эле окуучулар менен бат тил табышып, алардын сабагына кызыгуу менен келип жатканы жаш адисти шыктандырып, кубануу сезимдерин ойготкон. Окуучуларына таасирдүү мугалим болушу үчүн сабактарында теорияны азыраак колдонуп, көбүнесе практика: сүрөт, карточка, мультфильмдердин каармандары аркылуу чагылдырууга басым жасайт. Жөнөкөй сүйлөшүү аркылуу эмес, оюндар менен теманы түшүндүргөнгө аракеттенет.

Дайыма изденүүнүн үстүндө жүргөн мугалим окуусун да, жумушун да ийгиликтүү алып кетүүгө болгон күчүн жумшайт. Мугалим канчалык күчтүү болсо, мамлекети өсүп-өнүгөт” деген Дилнура Бакытова мугалимдик чөйрөгө аралашкандан бери талыкпай эмгек кылганды үйрөнгөнүн айтат.

Бул кесип аны тазалыгы, адамгерчилиги, адилеттүүлүгү, кызыктуулугу, башкаларга үлгүлүүлүгү менен өзүнө тартып турат.

Дагы бир жаш мугалимдердин бири

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

— КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтун артыкчылык диплом менен аяктаган Айтаалы Сыдыкаалы уулу. Ал  өзү чоңоюп, билим алган Аксы районунун Ак-Суу айылындагы А. Осмонбеков атындагы мектептин тарыхы мугалими.

Айтпаалы Сыдыкаалы мугалимдик кесипке окуучу кезинен кызыгып, мугалимдеринин сабак өтүү ыкмасынын айырмачылыктарын анализдечү. Өзгөчө ага кыргыз тили мугалими Кымбат Кайдалиева менен тарых сабагынан берген Дайыр Дарчибаев агайы таасир берген. Себеби эжейи кол жазмасы начарлыгын айтып басынтпай, жөндөмүнө жараша баалап келген. Ал эми тарых сабагын кызыктуу өткөн мугалими окуучусун бул предметке тартып, олимпиадага чейин жеткирген.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

Тарыхчы 4-курста окуп жатканда эле Бишкек шаарындагы 66-мектеп-гимназиясында алгачкы мугалимдик жолун баштап, аталган окуу жайда бир жыл эмгектенген. Жаш адис башында сабакты уюштурууда, өтүүдө кыйынчылыктарга кабылган. Тажрыйбасы жоктугунан улам окуучуларды сабакка кызыктыра албай, алдыңкы катардагы саналуу окуучулар менен гана иштешип калган учурлары болгон. Сабагына катышкан мугалимдер «Жалпы иштешиң керек», «Бир орунда турба» деген пикирлерин билдирчү. Кесиптештери Кенжегүл Алышбаева менен Дастан Абдыраманов дайым кеп-кеңештерин берип, тажрыйбалары менен бөлүшүп кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө жардамдашкан.  өзү да бош убакыт табылса эле алардын сабактарына катышып, сабакты кызыктуу өтүү ыкмаларын үйрөнүүгө аракет кылчу.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

Бир жылдык тажрыйбасы бар мугалим азыркы окуучулар техникага байланган муун болгондуктан, техниканын жардамында жаңы ыкмалар менен сабак өтүү абзел деген тыянакка келген. Ошондуктан өзү дайыма билим берүүгө багытталган тиркемелерди изилдеп, алар менен сабак өткөнгө аракеттенет. Социалдык тармактардагы коңшу мамлекеттердин мугалимдеринин тажрыйбасы менен таанышып,  андагы кеп-кеңештерди колдонууга аракеттенет.

Жаш мугалимди мектептеги эмгек акынын аздыгы ойлондурбайт. Башкысы, коом үчүн пайдалуу жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошчу кесип болуусу керек деген позицияда. Туура кесип тандаганына билим чөйрөсүндө аралашып, максатташ инсандарды кезиктиргенде ынанган.

КЕЛЕЧЕГИН МЕКТЕПТЕН ИЗДЕГЕН ЖАШ МУГАЛИМДЕР

Жаңы окуу жылында мектепке окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүүчү билимге байланыштуу иш-чараларды көбөйтүп, жолугушууларды уюштуруп турууну максат кылат. Мисалы, окуучулар алган билимин бышыктоо максатында чейрек сайын конкурс уюштуруу ниети бар. Мындан сырткары, жаш адис мектебинин атын алып жүргөн А.Осмонбеков тууралуу автордук китебин жазып бүттү.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер