Кең-Жылга айылына жаңы мектеп курулат

  • 08.07.2024
  • 0

Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Алай районуна болгон иш сапары убагында Кең-Жылга айылында жайгашкан №27 Жоро Алимов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды.

Кең-Жылга айылына жаңы мектеп курулат

Алсак, аталган мектептин биринчи корпусу 1976-жылы курулган. Экинчи корпусу 2003-жылы ашар жолу менен салынган. Бирок авариялык абалга келип, колдонууга жараксыз деп табылган. Ага ылайык, имарат буздурулуп, ордуна жаңы мектеп куруу пландалган. Бул үчүн атайын долбоор иштелип чыгып, жаңы имаратты курууга мамлекет тарабынан 130 млн сомдон ашуун каражат каралган.

Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда төрага Алайдан чыккан депутаттар парламентте активдүү экенин белгилеп: “Алар аймактагы көйгөйлөрдү байма-бай көтөрүп, калктын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруп келишет. Бирок, “Миң уккандан, бир көргөн артык” – дегендей, аймактагы маселелер менен жеринде таанышып, тургундар менен жолугуп келүү үчүн атайын келдик”, – деди.

Ошондой эле өлкөдө жасалып жаткан иштерге токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Акыркы жылдары мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү социалдык мекемелер арбын курулуп, жолдор жаңыланып, калк турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылууда. Республикалык бюджетибиздин көлөмү үч жыл мурун 200 млрд сомдун тегерегинде гана болсо, азыркы бюджет 600 млрд сомдон ашты. Андан тышкары, ички дүң продукциябыздын көлөмү 1 трлн сомго чыкты. Пенсиялар, жөлөк пулдар жогорулап, айлык маяналардын да көлөмү көтөрүлдү. Элдин бизге берген ишенимин актап, калкка күнү-түнү кызмат кылуу аракетиндебиз. Экономикалык саясатты туура жүргүзүп, жемкорлукка жана көмүскө экономикага каршы күрөштү күчөтүү менен дагы көп ийгиликтерге жетишебиз”, – деди.

Кең-Жылга айылына жаңы мектеп курулат

Муну менен катар билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан Нурланбек Шакиев: “Каражаттар көп бөлүнүп, мектептер салынып, мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылып жатканы менен билим берүүнүн сапатын көтөрө албай келебиз. Андыктан, аталган багытта алгылыктуу иштерди алып барышыбыз керек. Билимдүү коом менен гана келечектүү мамлекетти кура алабыз”, – деп билдирди.

Ошондой эле кыргыз мамлекетинин калыптанышында жана түптөлүшүндө Алайдан чыккан улуу инсандардын салымы өтө чоң экенин белгилеп: “Буйруса бүгүн түптөлүп жаткан мектептен да улутка кызмат кылып, өлкөнү өнүктүрө турган азаматтар чыгат деген терең ишеничтемин”, – деди төрага.

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Улан Примов, Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Самат Джантелиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев баштаган жетекчилер коштоп жүрөт.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер