КЕҢ-САЙ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА КУРУЛУУДА

  • 25.02.2025
  • 0

КЕҢ-САЙ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА КУРУЛУУДА

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кең-Сай айылында жаңы бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 76,6 млн сомду түзөт.

Бала бакча эки кабаттан туруп, 120 орунга ылайыкталган. Анда балдардын тарбияланып, билим алуусу үчүн бардык заманбап шарттар түзүлүп, окуу топтору, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабыл алуу бөлүмү каралган.

Бул объект Кең-Сай айылында курулуп жаткан алгачкы бала бакча болуп саналат. Анын ачылышы балдардын мектепке чейинки билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер